• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Биринин артынан бири камалган министрлер. Баткендин атын алмаштыруу сунушталууда

29 Аяк оона 2022 18:04 Бишкек Govori.TV

КАДР САЯСАТЫ

Министрлер кабинетинин жаңы курамы ишке киргенден бери анын түзүмүндөгү бир нече аткаминерге кылмыш иши козголуп, айырмдары камалса кээ бирлери өз калоосу менен кызматын тапшырып кетти. Ал эми кечээ Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң доллар) пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бейшеналиев Билим берүү жана илим министрлигинин башына 2021-жылдын октябрь айында келген. Буга чейин «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк ушул жылдын 13-сентябрында камакка алынган. Прокуратура «Кумтөрдү» текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган. Башкы прокуратура «Кумтөрдү» августта текшере баштаган. Учурда үч кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алып, ишкананы сырттан башкаруучу болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.

ПАРЛАМЕНТ ӨКМӨТТҮ УКПАЙ КАЛДЫБЫ?

Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жоопкерчилиги тууралуу сөз кылды. Депутаттын айтымында Баткенге тажиктер кол салбай эле, парламент кол салгандай болуп өкмөт алар менен күрөшүп, парламентти жаман көргөзгөнгө аракет кылып жатат. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Министрлер кабинети аларды укпай калганын айтып, эки органдын бирин отставкага кетирүүгө чакырды.

ЖАПАРОВ БАТКЕНГЕ БАРДЫ

Баткен жана Лейлек районундагы чек арачылар мындан ары 76 миң сомго жакын маяна алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда жергиликтүү тургундар менен жолукканда билдирди. Жапаров чек арачылардын айлык акысы үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта эки эсеге жогорулатылганын баса белгиледи. Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда Баткен облусунда жүрөт. Ал 14-17-сентябрда тажик тараптын куралдуу кол салуусунун жүрүшүндө Максат айылындагы кыйраган объектилер менен таанышты. Ошондой эле Жапаров жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.

БАТКЕНДИН АТЫН ӨЗГӨРТҮҮ СУНУШТАЛДЫ

Жогорку Кенешитин депутаты Тазабек Икрамов 29-сентябрдагы парламент жыйынында Баткен облусунун аталышын өзгөртүүнү сунуштады. Депутат Баткен облусунун эли колдой турган болсо Манас облусу деп атоо сунушун айтып, өкмөттү бул багытта иш алып барууга чакырды.

ДЕПУТАТТЫН ТОСМОСУ ТҮРТТҮРҮЛДҮ

Бишкек шаарындагы Шүкүров көчөсү 166 дарегиндеги үйдүн тосмосу түрттүрүлдү. Бул тууралуу видеону мэрия түз эфирде берди. Буга чейин 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев аталган үй ага таандык экенин жана анын ичинде жеке бала бакча бар экенин билдирген болчу. Жыйында вице-мэр Нурдан Орунтаев менен Элмурза Сатыбалдиев айтыша кетип, депутат короонун дубалы муниципалдык жерге чыгып кетсе да нааразылыгын билдирген. Буга чейин мэрия муниципалдык жерге курулган жер үйлөрдүн короолору тротуар салуу үчүн түрттүрүлөрүн эскерткен.

ИСАКОВ ГИННЕСКЕ КАТТАЛДЫ

Түркия Республикасынын Бурса шаарында өтүп жаткан “Манас жумалыгынын” алкагында Кыргыз Респбуликасынын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаков манас айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк гиннестер китебине 124 саат убакытка манас айтуу боюнча катталды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Дүйнөлүк гиннестер китебине катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк Гиннесттер китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, ага Гиннестин күбөлүгү тапшырылды. Анда аталаган багытта катталууда Гиннес тарабынан бекитилген талаптарды сакталгындыгы айтылды. Эске салсак, аталган “Манас жумалыгы” Кыргыз Улуттук “Манас” театры жана “Түрксой” эл аралык уюму тарабынан “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын” жана “Бурса шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоорлорунун алкагында өткөрүлгөн алгачкы иш- чара болуп калды.

Количество просмотров: 236