• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Бишкекте Тажик генералына каршы митинг өттү. Транспорт министри кызматтан кетүүгө даяр

18 Бирдин айы 2020 20:57 Бишкек Govori.TV

ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИЛЕР КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛДЫ
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп 34 жаштагы Акын Мамбеталиев Мирович дайындалды.

ТАЖИК ЭЛЧИЛИГИНИН АЛДЫНДА МИТИНГ
Бүгүн, 18-февралда Тажикстандын Бишкектеги элчигинин алдында активисттер нааразычылык акция уюштурушту.

ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОР КУРУЛБАЙТ
Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» компаниясы Ат-Башыдагы индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу долбоорун токтотконун жарыялады.

КАРАНТИН ЖАРЫЯЛАНГАН КЕМЕДЕ КЫРГЫЗСТАНДЫК БАР
Япониядагы карантинге алынган «Алмаз ханышасы» (Diamond Princess) круиздик лайнеринде жаңы коронавируска кабылгандардын арасында Кыргызстандын жараны бар экендиги буга чейин айтылган.

ТРАНСПОРТ МИНИСТРИ КЫЗМАТЫН ТАПШЫРАБЫ?
Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов кызматын тапшырууга даяр. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Акнеттин» камактагы мурдагы президенти Ажимудиновдун жакындары кайрылуу жасашты
«Акнет» компаниясынын мурдагы президенти, учурда камакта жаткан Кубан Ажимудиновдун жакындары маалымат жыйын беришип, аны үй камагына чыгаруу керектигин айтышып, президентке кайрылуу жасашты. Алар президенттин буга чейинки экономикалык кылмыштарга байланыштуу айткан билдирүүсү үмүт бергенин кошумчалашты.

Количество просмотров: 149