• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Чек арада өспүрүм каза болду. Кыргыз-тажик ажолору эмнени чечишти?

16 Аяк оона 2022 19:58 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРАДАГЫ АТЫШУУ

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Самарканд шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, президенттер кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаалды талкуулашкан.

Эки өлкөнүн лидерлери ок атышууну токтотуу жана ок атышуу линиясынан куралдуу күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу боюнча тиешелүү түзүмдөргө тапшырма берүүнү макулдашты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жеринде иштеп, окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө үчүн комиссия түзүлөт.

Камчыбек Ташиевдин айтымда баардык чек ара бөлүктөрүнө ок атууну токтотуу тууралуу көрсөтмөлөр берилди.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган. Кыргызстандын Чек ара кызматы «тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды»,-деп маалымат берген.

Маалыматка ылайык, кагылышууга Тажикстан тараптан белгисиз формадагы кийимде жана кандайдыр бир куралдуу түзүмгө таандык экендигин тастыктаган белгилери жок адамдар катышууда.  Тажик тарап бир гана оор техниканы эмес, чек арага жакын жашаган тургундарды «тирүү калкан» катары колдонуп жатканы айтылган. Ошондой эле тажик аскерлери Баткен районуна караштуу Достук айылындагы мектептин имаратын ээлеп алганы да кабарланды.

ЧЫРДА ЖАБЫРКАГАН ТУРГУНДАР

Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарга Тажикстан тараптын оор согуштук техникалар менен кол салуусунда жабыркагандардын саны 42ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

«19 жабырлануучу Баткен облустук бириккен ооруканасында, 18и Лейлек райондук ден соолукту чыңдоо борборунда, дагы 5 адам Лейлек райондук ден соолукту чыңдоо борборунан Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучулардын абалы жана диагнозу тууралуу маалымат тактоолордон кийин айтылаары кошумчаланды.

Ошондой эле жергиликтүү маалымат каражаттары Баткенде тажик тарап аткан снаряддын сыныгы тийип 15 жаштагы кыргызстандык кыз каза болгонун өспүрүмдүн атасы Малик Маннановго таянып жазышууда. Маалыматтар боюнча, кыз Лейлек районундагы Достук айылынын «Достук» орто мектебинин 9-классынын окуучусу болгон. Айылдаштары менен чогуу Бешкент айыл өкмөтүндөгү Маргун айылын көздөй качып бараткан учурда ага снаряддын сыныгы тийген. Бул тууралуу тийиштүү оргондар расмий маалымат бере элек.

АК ҮЙДҮН АЛДЫНДА МИТИНГ ӨТТҮ

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп,чек ара маселесин жабык эшик артында карады. Төрага Талант Мамытов бүгүн саат 13:00дө эл өкүлдөрүн кезексиз отурумга чакырган. Баткендеги кырдаалды талкуулаган депутаттар төмөндөгүдөй чечимдерге келишкен.

Бул арада Ак үйдүн алдына жүздөн ашык  адам чогулуп, Баткенге кошумча аскер жөнөтүүнү, ал жактан жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга көчүрүүнү, Раззаков шаарынан Бишкекке атайын учак каттамдарын уюштурууну талап кылышты.

Спикер баштаган бир катар депутаттар  Ак үйдүн алдына чогулгандар менен жолукту. Анда сөз сүйлөгөн Мамытов президент Садыр Жапаров бүгүн Самарканддан келери менен чек арадагы абал боюнча жыйын өткөрө турганын маалымадады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин алдына чогулгандардын арасынан 10 чакты жергиликтүү тургун депутаттар менен жолугуп, кырдаалды талкуулашты.

БАТКЕНГЕ ЖАРДАМ

Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында Баткен облусуна гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн түйүн ачылды. Аталган пунктка күнүмдүк турмушка керектелүүчү жардамдар кабыл алынат.

Спорт сарайында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан эки чатыр тигилип, гуманитардык жардамды кабыл алуу башталды.

Жеринде ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Эрнест Жусуповдун жетекчилиги астында кызматкерлер жарандардан келген гуманитардык жардамдарды кабыл алып, топтолгон жардамды жеткирүү ишин көзөмөлгө алып жатышат.

Кабыл алынган жардамдардын топтомунда кесме, ун, өсүмдук майы, гигиеналык каражаттар жана башкалар бар.

ӨКМ тараткан маалымат боюнча, Баткен шаарында жарандарды убактылуу жайгаштыруу пункттары ачылып, калкты кооптуу аймактардан эвакуациялоо боюнча иштери жүргөн. Мындан сырткары жергиликтүү тургундар өздөрүнүн унаалары менен коопсуз аймактарга барууда. Лейлек районундагы Жаңы-Жер, Арка, Достук, Борбордук, Жаштык айылдарынын тургундарынын 70-80 пайызы үйлөрүнөн өз алдынча чыгып кетишкен.

ОКУУЧУНУ УРГАН АЙДООЧУ ИШТЕН КЕТТИ

№173 каттам боюнча кичиавтобустагы окуя боюнча борбор калаанын мэриясы билдирүү таратып, айдоочу иштен алынганын кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган каттамдын айдоочусу менен жүргүнчүлөрдү ташуу келишими бузулуп, келишимдик милдеттенмелер да бир тараптуу бузулган.

Айдоочу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларын одоно бузгандыгы үчүн иштен бошотулду. Ошондой эле, жогорудагы каттамдын бригадири менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал тараптан жүргүнчүлөрдү ташууда этиканы сактоо жөнүндө айдоочулар курамы менен сүйлөшүүлөр уюштурулду.

Эскерте кетсек, маршруттук таксинин айдоочусу эшикти тарс жаап салганы үчүн өспүрүмдү муштап салган.

Количество просмотров: 6542