• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Күндүн ыргагы: Дүрбөлөңгө түшпөңүз! Коронавирус Кыргызстанга жетти…

18 Жалган куран 2020 21:23 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗСТАНДА КОРОНАВИРУС КАТТАЛДЫ

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда 18-мартка караган түнү коронавирус жуктунрган үч киши аныкталгандыгын айткан. Коронавирус жуктуруп алган 3 жаран түшкөн учак 12-мартта “Манас” аэроптортуна конгон. Кошумчалай кетсек, Ошто штабдын жыйынында аймактардан кирип-чыккан каттамдарга да убактылуу чектөө киргизилгени маалым болду.

АСРАНДИЕВ ЭЛДИ ДҮРБӨЛӨҢГӨ ТҮШПӨӨГӨ ЧАКЫРДЫ

Социалдык жактан маанилүү товарлар, анын ичинде тамак-аш продуктулары өлкөдө жетиштүү. Жарандардан дүрбөлөң түшпөөнү өтүнөбүз. Мындай өтүнүчү менен вице-премьер-министр Эркин Асрандиев кайрылды.Вице-премьер-министрдин айтымында  региондордо кырдаал туруктуу. “Болгону, илдетке чалдыккандар Сузак районунун жашоочулары экендиги жарыяланган соң, Жалал-Абад шаарынын базарында тынчсыздануу болуп, эл ун сатып алып жатканы маалымдалды. Учурда Жалал-Абад шаарынын мэри баштаган жергиликтүү бийлик органдары калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат”, – деп баса белгиледи ал. Республика боюнча биринчи жана экинчи сорттогу ундун баасына чектөө киргизилген. Бүгүн кечке чейин өсүмдүк майынын, нандын, канттын жана макарондун максималдуу баасы белгиленет.

ШАЙЛООНУН МӨӨНӨТҮ ЖЫЛАБЫ?

Депутат Акылбек Жапаров коронавируска байланыштуу жергиликтүү шайлоону жылдырууну сунуштады. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди. Ал эми эл өкүлү Аалы Карашев 12-апрелге белгиленген шайлоону кыдаалга жараша жылдыруу керек деген пикирде.

МАСКАЛАРДЫ КЫМБАТ САТКАНДАР АНЫКТАЛДЫ

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы бет каптарды кымбат сатып жаткан Бишкек шаарындагы дарыканаларды аныктады. Аталган кызматтан билдиришкендей, элден түшкөн арыздардын негизинде калаадагы бир катар дарыканалар текшерүүгө алынган. Шаардыктар айрым дарыканалар маска менен антисептикалык каражаттардын баасын негизсиз көтөрүп жатканын кабарлашкан. Натыйжада Финполдун өкүлдөрү Чыгыш 5 кичи району, Киев, Токтогул, Курманжан датка, Тыналиев көчөлөрү жана Чүй проспектисиндеги дарыканалардан атайын сатып алууларды жүргүзүп, баалары 15 сомдон 25 сомго чейин экенин аныктаган.

Количество просмотров: 438