• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Далай өкмөттүн башын жеген «Кумтөр» Абылгазиевдин тилин таптыбы?

2 Тогуздун айы 2019 19:27 Бишкек Govori.TV

Абылгазиев «Кумтөр» менен келишим түздү
Кумтөр маселеси канча деген өкмөт башчы, министрлердин башын жутту. Бул пикирди «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев билдирди.
Ал эми Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөр кенине барган учурда «Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анда Кумтөр кенинин эксплуатациялык мөөнөтүн узартуу маселеси талкууланды.


Ата-энелер мектептеги акча чогултууларга каршы
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүнкү күндө билим берүү тармагындагы чыгымдардын 90 пайызы мамлекет тарабынан төлөнө турганын айтып, мектептеги акча чогултууларга мугалимдердин тиешеси болбош керектигин кошумчалады.
Ал арада мектепте акча чогултууга каршы ата-энелер Жогорку Кеңештин алдына митингке чыгышты.
Акцияга чыккан жыйырма чакты адам министрликтин акча чогултууга тыюу салган жаңы буйругуна карабастан мындай көрүнүш дале уланып жатканын билдиришти.


Бишкекте жаңырат деген сирена үнү угулган жок…
Бүгүн Бишкек шаарында өлкө эгемендикти алгандан бери экинчи ирээт сирена үнү жаңырды. Мындан улам жарандардын коргонуунун даярдык мерчемине ылайык Бишкек шаарында командо-штабдык машыгуу өттү
Алардын бири борбордогу чоң базарлардын биринде чоң өрт чыкты деген сценарий боюнча өрт өчүрүүчүлөр келип жалынды басышты
Андан кийинки жаралган кырдаал жер титирөө болуп, жыйынтыгында темир жолдокырсык катталган анда ден соолукка зыян келтириле турган амияк аталышындагы зат төгүлгөн, жаракат алгандар да бар.

Количество просмотров: 243