• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Депутат абанын булганышына өкмөттү айыптады. Фейктерге каршы талаштуу мыйзам кайрадан талкууда

14 Бештин айы 2020 19:14 Бишкек Govori.TV

“ФЕЙКТЕР” ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМ КАЙРАДАН ТАЛКУУДА

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште кайрадан каралмай болду. Парламенттин  сайтында документ Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин күн тартибинде бешинчи маселе болуп турат.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 14-декабрга карата дагы 318 адамдан коронавирус илдети аныкталып, беш киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты. Илдетке каршы республикалык штабдан кабарлашкандай 258 адам айыкты.

ТОЙ БЕРГЕН АТАМБАЕВ СУРАККА ЧАКЫРТЫЛДЫ

Бизнесмен Жалил Атамбаевдин уулунун миңдей адам катышкан үлпөт тою боюнча текшерүү иштери башталды. УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 14-декабрда билдиргендей, той 12-декабрда Ош шаарында өткөн.

ӨСПҮРҮМДҮ ЗОРДУКТООГО ШЕКТҮҮЛӨРДҮН АКТАЛЫШЫ ТАЛКУУДА

13 жашар кызды зордуктоого шектүүлөрдү актаган судья Сабыр Содонбековго каршы виртуалдык митинг өтүүдө.

4 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛГАН ӨРТ БОЮНЧА ИШ КОЗГОЛДУ

Ысык-Атадагы 4 адамдын өмүрүн алган өрт боюнча кылмыш иши козголду. Аталган иш КЖБРге “Шалаакылыктан өлүмгө алып келүү” беренеси боюнча катталган.

КАЛААНЫ КАПТАГАН КАРА ТҮТҮН КӨЙГӨЙҮ

Дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын биринчи катарында Бишкек шаары турат. Бул тууралуу «Greeny Energy» коомдук фондунун өкүлү Анара Султангазиева бүгүн, 14-декабрда өткөн маалымат жыйында билдирди.

ДОЛЛАРДЫН БААСЫ АРЗАНДАЙ БАШТАДЫ

Кыргызстанда 14-декабрга карата АКШ долларынын курсу төмөндөй баштады. Бүгүн түштөн кийин коммерциялык банктарда 1 доллар 82 сомдон сатылып алынып, 83 сомдон сатылууда. Айрым акча алмаштыруучу жайларда 81 сомдон болууда.

Количество просмотров: 93