• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Депутат коркутууга кабылганын айтып чыкты. Темиров эл аралык сотко кайрылат

24 Жетинин айы 2022 19:33 Бишкек Govori.TV

ЖК БЮДЖЕТТИ КАРАДЫ

Бүгүн, 24-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын 2021-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет, «2022-жылга республикалык бюджети менен 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана «2023-жылга республикалык бюджети,  2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору каралууда.

Аталган маселелер боюнча Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрү маалымат берди.  Ал эми депутат Исхак Масалиев Акылбек Жапаровдун отчетунда 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча маалымат жок экенин билдирди.

Талкуу учурунда депутат Кундузбек Сулайманов «Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун тагдырына кызыкты. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров уюмдун ишмердүүлүгүн каржылоого 3,4 миллиард сом каралганын билдирди. Анын айтымында, холдингдин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн кармалышына байланыштуу каржылоо токтотулган.

Эске салсак, буга чейин парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «2023-жылга республикалык бюджетти жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндөгү» мыйзам долбоорун жактырган.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 282,1 млрд. сом, ал эми чыгаша бөлүгү 291,2 млрд. сом деп бекитилген. Жалпы тартыштык 9,1 млрд. сом деп болжолдонгон. Деген менен  жыл аяктаганда дефицит 35,4 миллиард сомду түздү. Бул Кыргызстандын тарыхында бюджеттин тартыштыгы боюнча эң чоң көрсөткүч экени айтылууда.

ДЕПУТАТТАРГА КОРКУТУУ БОЛГОНУ АЙТЫЛДЫ

Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева кыргыз-өзбек чек ара келишимине каршы добуш берген депутаттарга коркутуу, кысым башталганын айтып чыкты. Ал спикер Нурланбек Шакиевге кайрылып, парламент өкүлдөрүн коргой албай жатканын сынга алды.

Жыйынга келген  УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Эльвира Сурабалдиеванын айткандары боюнча жооп берип, депутаттын жакындарынын бизнестери эмне үчүн жана ким тарабынан текшерилгенин айтты. Ал кошумчалангандай салык төлөөдө мүчүлүштүктөр катталган.

Сурабалдиевага жооп берип жатып Ташиев башка депутаттарга козголгон иштер бар экенин айтты. УКМК башчысы оор кылмыштарга байланыштуу иштер дайындалып, экспертизалар чыгып жатканын белгиледи.

Ал эми депутат Сурабалдиева Салыктын жетекчисине кайрылып, «базарды текшергенден бери 2 айдай убакыт өттү, бул аралыкта сизди адашты деп суракка алып же бирөө жарым жоопко тартылдыбы?» деп суроо салды. Депутатка жооп берген Салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов мындай маселе болбогонун айтты.

 Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап кабыл алган. Мыйзам долбоорун кароо бир катар кайчылаш пикирлер менен коштолгон эле.  Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапкан.

БАКИРОВДУН КАБИНЕТИ БОЮНЧА КОМИССИЯ ТҮЗҮЛДҮ

Жогорку Кеңеште эки күндүк кызуу талаш-талкуудан кийин депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсү алмашкан окуяны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Бир катар депутаттар аны кызматтык бөлмөдөн чыгаруу мыйзамсыз болгонун айтып чыгышкан жана түшүндүрмө берилишин, чара көрүлүшүн талап кылган.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков төрагага кайрылып, биригүүгө чакырды. Анын айтымында Жогорку Кеңеште чыңалуу жаралып жатат.

Парламенттин 23-ноябрдагы жыйынында буга байланыштуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси чакыртылганы менен келген жок.

Эске салсак, 17-ноябрда эл өкүлү Өмүрбек Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан. Ташиевге болушуп депутат Фархат Исмаилов кесиптеши менен мушташып кете жаздаган. Эртеси Президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери уруксаты жок ачып кирип, буюмдарын чыгарып салышкан. Ошондой эле депутатка кат жолдошкон.

ТЕМИРОВ ОРУСИЯГА ЧЫГАРЫЛГАН

Өлкөдөн чыгарылган журналист Болот Темиров менен «Азаттык» маек куруп, анда ал өзүнүн кантип чыгарылганы, учурдагы абалы жана алдыдагы ишмердүүлүгү тууралуу суроолорго жооп берген. Темировдун айтымында аны күч кызматкерлеринин коштоосу менен Орусияга алып чыгып кетишкен. Учурда ал жакындарыныкынды. Ал эми өзүнө чыккан чечим боюнча эл аралык сотко кайрыла турганын айтты.

Ал арада адам укуктарын коргогон бир катар уюмдарбаш болуп өз нааразычылын билдиришүүдө. Иликтөөчү журналисттин өлкөдөн чыгарылышы боюнча депутаттар да бир катар пикирлерин айтышты. ЖК жыйынында УКМК төрагасы Ташиев журналист Темировдун өлкөдөн чыгарылуусу боюнча пикирин айтты.

Ал эми жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бишкектеги БУУнун кеңсесинин алдына пикетке чыкты.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту журналист Болот Темировдун ишин карап, аны Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алган. Сот чечими окулган соң Болот Темировду милиция кызматкерлери күч менен алып чыгып, унаага салып кетишкен. Темировду «Манас» Эл аралык аба майданына алып барып, Орусияга учакка салышкан.

Эске салсак, 27-октябрда прокуратура Болот Темирого карата чыккан райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган. Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту журналистке карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу аны актаган. Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.

Количество просмотров: 309