• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Депутат Кытайдын карызын төлөө жолун айтты. Өспүрүм кызга нике кыйган имам кармалды

20 Тогуздун айы 2023 18:10 Бишкек Govori.TV

КЫТАЙГА БОЛГОН КАРЫЗ

Бүгүн Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттык тобу «Альянс», «Ынтымак», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру» фракциялары менен чогуу жыйын куруп, анда  Кыргызстандын 2024-жылга республикалык бюджетинин долбоору каралды.

Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Улуттук банкта турган алтынды сатып Кытайга болгон карызды төлөөнү талап кылууда.

022-жылдын соңуна карай Кыргызстанда мамлекеттик карыздын көлөмү 5 миллиард 218 миллион долларды түзгөн. Бул сумманын 4 миллиард 191 миллиону тышкы карыз. Анын басымдуу бөлүгү, же 1 миллиард 757 миллион доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет.

МАЛИЕВ БЕЙӨКМӨТ МЫЙЗАМЫНА АВТОР БОЛБОЙТ

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна авторлош болбойт. Бул тууралуу ЖК расмий сайтынан көрүүгө болот.

Ал эми депутаттын жардамчысы бул тууралуу түшүндүрмө берип, Арсланбек Малиев башынан эле бул мыйзам долбоорун колдобогонун, анын аты кокусунан эле кошулуп калганын айтты.

«Биз аталган мыйзам долбоорунун авторлорунун катарынан чыгаруу тууралуу атайы кат жолдогонбуз», — деди эл өкүлүнүн жардамчысы.

Белгилей кетсек, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Көп өтпөй айрым депутаттар авторлуктан кайра баш тарта башташкан.

Учурда аталган мыйзам долбооруна 19 депутат автор болуп көрсөтүлүп турат.

Бул мыйзам долбоору буга чейин парламенттин эки комитетинде биринчи окууда кабыл алынган. Ал эми 17-октябрда парламенттик угуу өттү.

Көз каранды эмес талдоочулар бул мыйзам Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүп алынганын белгилешкен.

Жакында 120 бейөкмөт уюм бийликти «чет элдик өкүл» мыйзамын кабыл албоого чакырып, кайрылуу жолдогон. Анда эгер бул мыйзам кабыл алынса, калктын орчундуу социалдык муктаждыктарын чечүүгө салымын кошуп келе жаткан бейөкмөт уюмдарга бөгөт коюлары айтылган. Алар ансыз да мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчётун берип турарын, ишинин ачыктыгы толук камсыздалганын билдирип келет.

ЖУРНАЛИСТТИ СҮЗҮП КЕТКЕН АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ

Журналист-иликтөөчү, “Арча Медиа” басылмасынын (Next телеканалы) кызматкери, “Соболум бар!!!” долбоорунун автору Сайпидин Султаналиевди сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжада кылмышка шектүү катары «Toyota Camry» үлгүсүндөгү авто унаанын 2004-жылы туулган Н.Э. аттуу айдоочусу кармалып, азыркы учурда Бишкек ШИИББнин тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүп берүүдө.

Эске салсак, 18-октябрда болжол менен саат 17:30 чамасында Сайпидин Султаналиев мотоскутер менен Садырбаев көчөсү менен бара жаткан учурда капталынан белгисиз айдоочу белгисиз авто унаа менен сүзүп кеткен.

Жол кырсыгынын натыйжасында мотоскутердин айдоочусу жабыркап, ооруканага жаткырылган.

СЕКЕЛЕК КЫЗГА НИКЕ КЫЙГАН ИМАМ КАРМАЛДЫ

Ысык-Атада 15 жаштагы кызга нике кыйгандыгы үчүн имам жана болочок күйөө кармалды. Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын 21 жаштагы  тургуну 15 жаштагы кызга үйлөнүп, алардын никесин имам кыйгандыгы аныкталган.

Аталган факт Ысык-Ата РИИБине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренесинде көрсөтүлгөн (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Кармалгандар райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кыргызстанда 2016-жылы 18 жашка жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Анда үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Мыйзамдын негизинде никеге уруксат берген кыздын ата-энеси дагы, нике кыйган имам дагы сот жообуна тартылат.

ЧҮЙДӨ ЖЕР СИЛКИНДИ

 Бүгүн саат 13:35те Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында, очогундагы күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Бишкек жана Кант шаарларында 4 балл болуп, Кант шаарынан 15 чакырым, Бишкек шаарынан 23 чакырым түндүк-чыгышка карай чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Ал эми Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Алматы шаарынан 176 чакырым аралыкта кыргыз-казак чек арасында очогундагы күчү 4,9 баллга жеткенин маалымдады.

ТЕАТРДАН ӨРТ ЧЫКТЫ

Бишкектеги орус драма театрынан өрт чыкты. ӨКМ кабарлагандай, бүгүн 20-октябрда К.Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан алдын ала маалыматка ылайык, орус драм театрынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана топ тартылган. Тилсиз жоону өстүрүүнүн жүрүшүнөн кошумча маалымат бериле турганы кошумчаланды.

Количество просмотров: 251