• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Депутат менен министрдин чыры уланды. Шакиев Конституциялык соттун отставкасын талап кылды

6 Аяк оона 2023 19:14 Бишкек Govori.TV

ТӨРАГА КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТТУН ОТСТАВКАСЫН ТАЛАП КЫЛДЫ

ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев Конституциялык соттун төрагасын жана анын толук түзүмүн кызматтан кетүүсүн талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-сентябрда парламент жыйында билдирди.

Бүгүнкү жыйында президенттин ЖКдагы өкүлү Алмасбек Абытов “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбооду бүгүн күн тартибине киргизүүнү суранып, президенттин өтүнүчүн окуду.

Мындан соң төрага сөз сүйлөп, Конституциялык сот кыргыз улутуна сокку болгон чечим кабыл алганын айтты.

Эске салсак, буга чейин Конституциялык сот бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар экендигин айткан чечмелөө берген. Конституциялык сот бул маселеде укуктук боштук бар экенин белгилеп, Министрлер кабинетине тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тапшырма берген.

Ал эми бүгүн, Жогорку Кеңештин 6-сентябрдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

МАДУМАРОВДУН ИШИ ПАРЛАМЕНТТЕ КӨТӨРҮЛДҮ

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун адвокаты анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Гуля Кожокулова билдирди. Депутат ошондой эле Мадумаровдун кармалышында бир катар туура эмес жагдайлар катталганын айтты.

 “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери 2-сентябрда Бишкекте кармалган.  Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Депутат Адахан Мадумаровдун кармалышы коомчулуктар ача кептердин жаралуусуна себеп болгон. Ал эми айрым депутаттар да бул тууралуу өз пикирлерин билдирип, Мадумаровдун күнөөсү бар-жогун тергөө иликтейт дешти.

Эске салсак, Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлуп жатат.

Буга чейин, Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда “Бийликтен аша чабуу” деген берене боюнча айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген. Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

МИНИСТР МЕНЕН ДЕПУТАТТЫН ЧЫРЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов жарандардын суроо-талаптарын каттаган Билим берүү министрлигинин WhatsApp номери иштебей жатканына нааразы болуп, министр Каныбек Иманалиевдин иш бөлмөсүнө кирип барган учурдагы видео тарады. Анда депутат министрдин кабыл алуусун талап кылган. Иманалиев кезек менен кабыл ала турганын айтып, экөөнүн ортосунда кайым айтышуу орун алган.

Эл өкүлүнүн мындай жүрүм-туруму социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштап, эл өкүлүнүн дарегине бир катар сындар айтылды.

Бул маселе бүгүн парламентте дагы көтөрүлдү. Депутат бул боюнча комментерий берип, министрдин отставкасын талап кыларын айтты.

Ал эми министрлик 0999 80 05 00 WhatsApp номери чалуулар үчүн эмес, смс билдирүүлөр үчүн ачылганын айтты.

ДЕПУТАТ БШКГА НААРАЗЫ

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Ыйман Нуру» фракциясынын депутаты Нуржигит Кадырбеков сөз сүйлөп, өлкөдө болгон акыркы кырдаалдар тууралуу өз пикирин менен бөлүштү.

Депутат өз сөзүндө депутаттарды мандатынан ажыратылышы тууралуу да маселеге көтөрүп, чечим кабыл алган тийиштүү органдарга кайрылды.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 26-августта Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган. Сот мындай чечимди күчүндө калтырган. Өмүрбек Бакировду 29-августта Ош облустук милициясында сурак берип чыкканы маалымдалган. Жактоочусунун айтымында мурунку депутатты шайлоо учурундагы добуш сатып алуу иши боюнча сурашканын кошумчалаган.

Ал эми бүгүн, 6-сентябрдагы жыйынында Бакировдун ордуна келген депутат Равшанбек Рысбаев ант берди.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДА ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ

Кыргызстандын Баткен жана Өзбекстандын Сох райондорунун акимдери Учкунбек Жоробаев менен Саидбахром Саидмусаев жетектеген тийиштүү делегациялардын жолугушуусу болду.

Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, тараптардын жолугушуусу Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр, Өзбекстандын Сох районунун Шархабад жерлигинде өттү.

Анда эки тарап чек аралаш аймактарда коомдук саясий абалды туруктуу кармоо, чек ара аймактарда чыр чатактардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, чарбалык ирригациялык жана эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө, алака берекени күчөтүү, эки тараптуу маданий иш чараларды өткөрүү маселелерди карап, кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Андан сырткары, эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө делегация учурда инженердик курулмалар жүрүп жаткандыгына байланыштуу зарылчылыгы бар чек аралаш аймактарга зым тосмолорун куруу, түрдүү тоскоолдуктарга жол бербөө максатында элдерге түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү, чыр-чатактардын алдын алуу жактары сүйлөшүлдү.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Количество просмотров: 364