• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Депутаттар түрмөлөргө барышты. Ата-энесин таштап кеткендерди жазалоо сунушталды

26 Аяк оона 2023 18:05 Бишкек Govori.TV
https://www.youtube.com/watch?v=oxTyuhZWa00

ЭЛТР МЕНЕН “ПОЛИТКЛИНИКАНЫН” СОТУ

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда ЭлТРдин “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы боюнча чечим чыгып, сот доогердин суранычын жарым-жартылай канааттандырды. Бул тууралуу маалымат «ПолитКлиника» медиасынын сайтында жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбек тарабынан “Детектор” көрсөтүүсүндө “ЭлТР телеканалынын кезектеги калпын жана манипуляциясын айтып беремин”, “2020-жылдан октябрь айынан тартып, өлкөнүн энерго тармагына сырттан насыялар алынган. Журналисттердин С.Жапаров мезгилинде энергетика тармагына бир да сом карыз алынган эмес деп маалымат тараткандыгы калп экенин далилдеп турат”, “Башкача айтканда ЭлТР телеканалынын журналисттери С.Жапаровдун учурунда энергетика тармагына бир да сом карыз алынган жок деген маалымат жалган жана манипуляция болуп эсептелинет” деген сөздөрүн төгүндөө чечимин чыгарды.

Ал эми доогердин башка өтүнүчтөрү канаттандырылган жок. 

Эске салсак, 4-февралда «ПолитКлиника» ЭлТРдин «Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес» дегени калп» деген тема менен ачык булактарга таянган материал жарыялаган. Анда басылма ЭлТРдин 31-январда чыккан «Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?» аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген. Ал эми мамлекеттик ЭлТР телеканалы «ПолитКлиниканы» сотко берген.

ДЕПУТАТТАР ТҮРМӨЛӨРДҮ КЫДЫРДЫ

Жогорку Кеңештин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар тууралуу тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссиясы 25-сентябрда убактылуу кармоочу жайда кармалып жаткандардан кабар алышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Комиссиянын төрагасы Жусупбек Коргонбай уулу, депутаттар Марат Мураталиев, Бакыт Тентишов, тиешелүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, эксперттерден турган топтун алгачкы кыдыруусу Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайынан башталды. Андан сон, убактылуу депутаттык комиссиянын кыдыруусу СИЗО-1де улантылды. Комиссия мекеменин кармоо шарттары менен таанышып, иши тергөөдө же сотто каралып жаткан кээ бир кармалгандар менен баарлашкан»,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 14-июнунда Жогорку Кеңеште мыйзамсыз соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун жана прокурорлордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

АТА-ЭНЕСИН ТАШТАП КЕТКЕНДЕРГЕ ЧАРА…

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ата-энесин карылар үйүнө таштап кеткендердин мамлекеттик кызматтарда иштешине тыюу салуу мыйзам долбоорун сунуштады.

«Мыйзам долбоорунун башкы максаты ата-энесин багуудан качкан бойго жеткен балдардын жазасын күчөтүү жана алардын мамлекеттик кызматта болуусун чектөө. Учурда эмгекке жарамсыз улгайган жарандарды таштап кеткен балдарын жазага тартуу үчүн соттун чечими керек. Бирок ата-энелер өзүнүн баласына эч качан арыз жазбайт экен. Эгер бул мыйзам кабыл алынып калса ата-апаларын алып келери менен эле карылар үйүнүн жетекчиси дароо арыз жазып, сот алимент өндүрүүнү карайт», — деди Икрамов.

Аталган документ бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде каралып, биринчи окуудан өттү.

Депутат Кыргызстанда 6 карылар үйү бар экенин кошумчалады.

 “БҮТҮН КЫРГЫЗСТАНДЫН”  МҮЧӨЛӨРҮНӨ БАСЫМ БОЛУП ЖАТАБЫ?

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнө куугунтук жүрүп, күч жана сот органдары тандалма мамиле жасап жатышат деген пикирин бүгүн 26-сентябрда Жогорку Кеңештин аталган партиядан өкүлү, депутат Гуля Кожокулова билдирди. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде Кожокулова башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаевадан мамлекеттик чыккынчылык тууралуу ишти ким тергеши керектигин сурады.

ЭСке салсак, партия лидери Адахан Мадумаровду милиция 2-сентябрда кармап кетип, соттун чечими менен ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган. Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Ал эми бүгүн, 26-сентябрда айрым ЖМКлар абактагы Адахан Мадумаровдун абалы начарлап, бейтапканага жеткирилгени тууралуу кабарлашты. УКМК бул маалыматты азырынча тактай элек.

КЫРГЫЗ БАЛБАНДАРЫН ТОСУП АЛУУ АЗЕМИ

«Манас» эл аралык аэропортунда Кыргызстандын эркектер арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондорун тосуп алуу аземи өттү. Балбандарды жана алардын машыктыруучуларын аэропорттон күйөрмандары, туугандары тосуп алышты.

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон балбан Махмудов сезимдери менен бөлүштү.

Ал эми Жоламан Шаршенбеков жеңишке жетүү үчүн болгон аракетин жумшаганын айтты.

16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта, Жоламан Шаршенбеков күрөштүн ушул эле түрүнөн 60 кг салмак ченинде, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта алтын медал алды. Балбандар муну менен кошо 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага жолдомо алышты.

Мындан тышкары Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш алып, Олимпиадага лицензия утса, Тайырбек Жумашбек уулу эркин күрөштөн коло тагынды. Белгилей кетсек, Дүйнө чемпионатында спортчулар Кыргызстандын куржунуна үч алтын, бир күмүш жана бир коло алып келишти. Мелдешке 30 мамлекеттин балбандары катышты.

Количество просмотров: 133