КОРОНАВИРУС ЖУКТУРГАНДАРДЫН АБАЛЫ
Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус боюнча жаңы учур катталган жок. Аталган илдет катталган 3 жаран менен бир учакта келген жарандан анализ алынып вирус аныкталган жок.
ӨЛКӨДӨ МАСКА ТАРТЫШ
Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында коронавируска байланыштуу өлкөдөгү абал тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат берди.
ЭКИ ӨЛКӨНҮН ПРЕЗИДЕНТТЕРИ СҮЙЛӨШТҮ
Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, коронавирус инфекциясын жайылтпоо үчүн биргелешкен чараларды талкуулашты.
ВИРУС МЕНЕН КҮРӨШҮҮГӨ ЭСЕП АЧЫЛДЫ
Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев республикалык штабга 1 миллион сом бөлүп бере турган болду.
КОРОНАВИРУСТУ ЖЕҢЕБИЗ!
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков “COVID-19 илдетин ынтымак менен жеңебиз!” аталышындагы хештег жарыялаган.