• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Депутаттарды күттүргөн Жапаров. Мамытовдун артынан орун басары кошо кетти

12 Тогуздун айы 2022 18:20 Бишкек Govori.TV


АЛИЕВДИН САПАРЫ АЯКТАДЫ

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстандагы эки күндүк мамлекеттик сапары аяктады. Бүгүн 12-октябрда Алиев президент Садыр Жапаров менен бирге Бишкек шаарындагы №20 гимназия мектебине Азербайжандын мурдагы жетекчиси Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу салтанатына жана Көк-Жар конушундагы жаңы мектептин ачылышына катышты. Азербайжандын президенти Бишкекке 11-октябрга келген. Бул күнү эки президенттин жолугушуусунан кийин кызматташтыкты арттырууга багытталган сегиз документке кол коюлган.

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ КЕТТИ

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Улан Примов кызматын тапшырып берди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди. Анын айтымында төраганын орун басары кызматын өз каалоосу менен тапшырууну чечкен. Ал арада депутат Надира Нарматова вице-спикерлерди дагы кетирип, башкасын шайлоону сунуштады. Ал төрага алмашканына байланыштуу вице-спикерлерди дагы кайра башынан шайлаш керек деп эсептейт. Нарматованын демилгесин Элдар Сулайманов дагы кубаттап, сунушун добушка коюуну талап кылды. Деген менен депутат Улугбек Ормонов төраганын орун басарларын кетирүүнүн өзүнчө жол-жобосу бар экенин эскертти. Эске салсак, 5-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматын тапшырып жатканын билдирип, чечимди жеке өзү кабыл алганын жана өз ыктыяры менен төрагалыктан кетүүнү туура көргөнүн айткан.

ӨКМӨТТҮК СААТ ӨТӨТ

20-октябрда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу менен “өкмөттүк саат” жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламент төрагасы Нурланбек Шакиев билдирди. Мунун алдында бир топ депутат өкмөт башчынын парламентке келишин талап кылып, азыктардын баасы жогору болуп, Баткенде калыбына келтирүү иштери солгун жүрүп жатканы, Кумтөр алтын кенинен түшкөн акчанын эсеби боюнча маселе көтөрүшкөн болчу.

ЖККУнун РОЛУ

Бишкекте коопсуздук Кеңешинин катчысы, саясат талдоочулар, аскердик эксперттер, эл өкүлдөрү «Региондогу коопсуздукту камсыздоодо Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы жана ЖККУнун ролу» аттуу тегерек столго чогулуп, жергиликтүү жана геосаясий тенденцияларды эске алуу менен Борбордук Азия мамлекеттери үчүн коркунучтун деңгээлин төмөндөтүү боюнча чараларды талкуулашты.

АСКЕРДИН ЫСЫМЫН КӨЧӨГӨ БЕРҮҮ

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон аскер Эламан Ураимовдун атын Бишкектеги Кара-Дарыя көчөсүнө берүү сунушун Бишкек мэриясы четке какты. Бул тууралуу демилгечилердин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Телеграм баракчасына жазды. «Тажикстандын элчилиги жайгашкан Кара-Дарыя көчөсүнө Эламан Ураимовдун атын берүүгө мэрия макул болбой жатат», — деди Бекешев. Депутат вице-мэр Виктория Мозгачеванын колу коюлган каттын да сүрөтүн жарыялады. Катта борбор калаадагы көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүгө мораторий жарыяланганы, экинчиден белгилүү жоболорго ылайык, көчөгө маркумдун аты анын өлүмүнөн беш жыл өткөндөн кийин гана берилери жазылган.

ЖОЛ КИРЕНИ КӨТӨРҮҮ СУНУШУ СЫНДАЛДЫ

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Марлен Маматалиев Бишкектеги коомдук унаалардагы жол кирени көтөрүү сунушун сынга алды. Депутаттын айтымында Бишкек мэриясына жалпысынан 100 млн доллар акча каражаты грант, кредит катары берилген. Борбор калаада жол кире акысын жогорулатуу пландалып жатат. Транспорт департаменти баалар кандай болуп өзгөрүшү боюнча экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзгөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча 30 сомго чейин жогорулатуу сунушталууда. Бул маселе боюнча депутат Балбак Түлөбаев да нааразы пикирин айтып, башка жол жобону ойлонуу керек деди. Эске салсак, 2021-жылдын 1-ноябрында жол кире акысы көтөрүлгөн. Ага ылайык, бүгүнкү күндө маршруткадагы жол акы 15 сом, автобус менен троллейбустардыкы 11 сом. Борбор калаада жол кирени көтөрүү боюнча көп жолу талкуу болуп келген.

Количество просмотров: 302