• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Күндүн ыргагы: Көлбаевдин 1 миллиард долларлык мүлкү ачыкталды. Ташиев “крим кассасы” болбой турганын айтты

9 Тогуздун айы 2023 18:39 Бишкек Govori.TV

ПУТИН БИШКЕККЕ КЕЛЕТ

Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстан сапарына жана Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин саммитине байланыштуу 12-13-октябрь күндөрү Бишкекте жана Чүй облусунун айрым аймактарында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, жолдор убактылуу жабылып турат. ИИМдин маалыматы боюнча, жолдор “Манас” аэропортунан “Ала-Арча” резиденциясына чейин улам жабылып турат. Мындан тышкары, Орусиянын президенти Владимир Путин Канттагы авиабазага жана “Ата-Бейитке” барат.  

КМШ саммитинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүү жана чыңдоо боюнча чечимдер кабыл алынат. Путиндин сапары алкагында эки өлкө ортосундагы актуалдуу маселелер жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү талкууланарын президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев 4-октябрда билдирген.

КМШ уюмуна бүгүнкү күндө Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кирет. 

ЕВРОБИРИМДИК БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА АКЧА БӨЛДҮ

Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына гранттык негизде 7 млн евро (665 млн сом) которду. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабалашты.

Бул каражат Евробиримдик 2023-2026-жылдар аралыгында Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн бөлгөн 27 млн евронун бир бөлүгү.

Программа билим берүүнүн сапатын жана окуучуларды баалоо системасын жакшыртуу, гендердик теңчиликти, көп тилдүү билим берүүнү илгерилетүү, мамлекеттик каржыны башкарууну жакшыртуу боюнча чараларды көрүүгө көмөк көрсөтөт.

Финансы министрлиги бул транштан түшкөн каражатты окуу китептерин сатып алууга жана бардык мектептерде интернет менен камсыздоого жумшоону пландоодо.

ТАШИЕВ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев фейсбук баракчасына билдирүү жазып, бизнесмендерге, чет өлкөлүк инвесторлорго, ресторан, базарлардын ээлерине, жарандарга жана соодагерлерге кайрылды.

«Кимде ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула. Эгер дагы деле каржылоону уланта турган болсоңор, силер да жооп берип каласыңар. Криминалдар буга чейин көптөгөн бизнестерден, бизнесмендерден, керек болсо инвесторлордон акча алып жүргөндөрү, бирөөлөрдүн мүлктөрүн тартып алгандары аныкталып жатат. Кимде ким буга чейин жабыркаган болсоңор УКМКга кайрылгыла. Эми баарыңарга эскертебиз: мындан ары крим чөйрөсүнө бергендерди да, крим чөйрөсүмүн деп барып кимдир бирөөлөрдү коркутуп акча алгандарды да жазалайбыз. Мындан ары Кыргызстанда крим чөйрөсү, крим кассасы деген болбойт», — деп жазган Ташиев.

Эске салсак, 4-октябрда Кыргызстанда кримдүйнөсүнүн анабашы болгон Камчы Көлбаев атайын операция менен кармалып, жок кылынган.

УКМК КӨЛБАЕВДИН МҮЛКҮН КӨРСӨТТҮ

Камчы Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын бүгүн 9-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Мекеме 2008-жылдан бери Көлбаев “криминалдык империя” түзүп келгенин, кармалган адамдар анын жетекчилиги менен опузалоо жана рейдерлик аркылуу мүлк жана активдерди мыйзамдаштырып, башка да кылмыштарды жасап келишкенин, мыйзамсыз баюу жана саясатка кийлигишүү болгонун, ал таза бизнеске жамынып, таза иштеген ишкерлердин эсебинен өзүнө караштуу бизнес-структураларды түзүп жүргөнүн маалымдады.

УКМК билдиргендей, Көлбаевдин жана анын туугандарынын, жакындарынын мыйзамсыз активдеринин катарында 850 кыймылсыз мүлк бар – өзгөчөлөнгөн кымбат үйлөр (особняк), коттеждер, элиталык клуб үйлөрү, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык кымбат баалуу люкс үлгүсүндөгү автоунаа, зер буюмдар. Атайын кызмат мамлекеттин жана ишкерлердин менчигинен мыйзамсыз чыгарылып кеткен мүлктү ээлерине кайтарып берүү иши жүргүзүлөрүн, алардын бири курулуп жаткан 700 батирлүү эки объект экенин кабарлады.

Алдын ала эсептөө боюнча Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен ээлик кылган активдеринин жалпы наркы 1 миллиард доллар деп бааланып жатканын билдирген УКМК бул алгачкы гана жыйынтык экенин, издөө иштери эми Кыргызстандан тышкары Орусия, Казакстан, Грузия, Түркия, Бириккен Араб Эмирликтери (Дубай) жана Жапония өлкөлөрүндө да улантылары айтылды.

УКМК 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган.

ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУ ТАЛКУУЛАГАН ЖЫЙЫН

Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңеште Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимованын айтымында, тегерек стол зомбулуктун эмне себептен көбөйүп жатканы, ага каршы күрөштү кантип жүргүзүү керек деген маселелердин айланасында уюштурулду.

Жогорку Кеңештин депутаттары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү гендердик теңчилик боюнча эксперттер катышкан жыйында жабырлануучу Аселдин бир тууган агасы карындашынын укугу корголбой калганына токтолду.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Таалай Алижанов лдардын укугу боюнча атайын мобилдик тиркеме иштелип чыкканын билдирди

Эске салсак, 20-сентябрда Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 36 жаштагы келин бычактан алган жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Шектүү катары 39 жаштагы мурдагы жолдошу «Денеге оор залал келтирүү» беренеси боюнча козголгон иштин алкагында камакка алынган. Келиндин кулак-мурду кесилгени маалымдалган. Ага сегиз сааттык операция жасалып, учурда ал Бишкектеги ооруканалардын биринде медиктердин көзөмөлүндө жатат.

Количество просмотров: 331