• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Көлбаевдин өкүл атасы изделүүдө. Кызды муштаган жаран камалган жок

15 Жетинин айы 2023 18:04 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ЖАПОНИЯГА БАРАТ

Президент Садыр Жапаров 17-20-ноябрь күндөрү Жапонияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Өлкө башчы сапардын алкагында император Нарухито, Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида, парламенттин төрагасы Фукусиро Нукага, JICA – Жапония эл аралык кызматташтык агенттигинин жана бир катар ассоциациялардын жетекчилери менен жолугуп, эки тараптуу документтерге кол коёт.

КЕМПИР-АБАД ИШИ: СОТ ЖЫЛДЫ

Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум 22-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Маалыматка караганда, 11 киши отурумга алынып келинбегени үчүн процесс жылдырылган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылдын октябрь айында камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары үй камагына чыккан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция камалгандарга “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келишет.

АЗИМ РОЙ ИЗДӨӨГӨ АЛЫНДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маркум Камчы Көлбаевдин «өкүл атасы Азим Ройго (Мурда Орозахун Сайдазимов болгон) сыртынан айып тагылып, издөө салынганын» билдирди. УКМК тараткан маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” жана “Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган жана байкабастыктан оор зыян келтирүү” беренелери менен айып тагылды.

 “Тергөөнүн жүрүшүндө Азим Рой криминалдык авторитет Камчыбек Асанбектин таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен Бишкекте курулуп жаткан “Арстан Таувер” бизнес борборунун 10 млн АКШ долларын түзгөн 6000 чарчы метр үлүшүн мыйзамсыз ээлеп алган. Азим Рой Бишкектин кымбат баалуу жерлеринин биринде жайгашкан, аянты 500 чарчы метр, болжол менен 1 миллион АКШ долларын түзгөн батирди сатып алып, Азим Ройдун жубайына каттаган. Ошол эле учурда бул батирде Камчыбек Асанбек жашап келген”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле УКМК Азим Ройдун Бишкектин четиндеги элиталык шаарчалардын биринде Камчы Көлбаевдин үйүнүн жанында жайгашкан 2 миллион долларды түзгөн дача үйгө ээлик кылары, Чолпон-Ата шаарындагы “Каганат” эс алуу борборунда 500 миң долларлык коттежи да бар экени такталган.

Атайын кызмат Азим Рой Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында туулганын, ушул тапта Орусиянын жараны экенин кабарлады.

2022-жылы түбү кыргызстандык бизнесмен Азим Рой менен президент Садыр Жапаров жана Жогорку Кеңештин депутаты, президенттин кудасы Акылбек Түмөнбаевдин чогуу түшкөн сүрөтү тарап коомчулукта талкуу жараткан. Азим Рой 2021-жылы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин медалынмаалымдалган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

ЖОЛ КЫРСЫК: 3 КИШИ КАЗА БОЛДУ

Ошто жол кырсыктан үч киши каза тапты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 596-чакырымында Lexus LX 570 үлгүсүндөгү автоунаа трассадан чыгып кеткен. Салондо жүргүнчүлөр да болгон, алар Ошко конокко барып, Жалал-Абадга кайтып келе жатышкан.

Эки адам мүрт кетип, бирөө ооруканадан үзүлгөн. Кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.

КЫЗДЫ УРУП ЖИБЕРГЕН ЖАРАН КАРМАЛГАН ЖОК

Нарында соода борборунда чоочун адамдын ур-токмогуна кабылган кыз ооруканага түштү, аны сабаган киши милицияга жеткирилди, бирок медициналык диагнозуна байланыштуу кармалган жок. Милициянын маалыматына караганда, шектүү Нарын районунун Орто-Нура айылынын 31 жаштагы тургуну экени аныкталды, ал милицияга көрсөтмө берип, банкоматка кезек талаша кетип, оозеки уруштан кийин кызды «уруп-сабап жибергенин» айтып берди. Бирок майыптыкты күбөлөндүрүүчү Медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясынын 2012-жылы чыгарып берген «Талма абалындагы жеңил деменция» деген диагнозу бар экендиги тууралуу тастыктамасын көрсөткөн.

Милиция мындай диагноз менен кишини камакка алууга укугу жок экенин, тергөөнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренесинин негизинде козголуп, териштирүү журүп жатканын маалымдады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 14-ноябрда ички иштер бөлүмүнө 20 жаштагы кыз кайрылып, банкоматтан акча алайын деп турганда бейтааныш бир киши менен кезек талаша кеткенин, анын зомбулугуна кабылганын айткан жана тийиштүү чара көрүүнү суранган. Соцтармакка тараган видеодон эркек киши кызды катуууруп жибергенин корүүгө болот.

Количество просмотров: 233