• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Күндүн ыргагы: Күндүн ыргагы: Өлкөдө тажы илдетинен дагы бир адам каза болду. Карантинде көчөдө калган квартиранттар…

10 Чын куран 202020:32 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ

10-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 18 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Ал эми жаңы катталган 18 учурдун бешөөсү медицина кызматкерлери.

ТМКК ОНЛАЙН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-апрелде, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынында коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирүү боюнча бир катар сунуштарды киргизди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

НАСЫЯГА ТУУМ ЖАЗБОО СУНУШТАЛДЫ

Коммерциялык банктарга насыяны убагында төлөбөгөндүгү үчүн туум жазбоо сунушталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

ТЕРМИНАЛ УУРДАГАНДАР ИЗДЕЛҮҮДӨ
Бүгүн, 10-апрелде борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев Бишкектеги коменданттык саат тууралуу маалымат берди. Анда ал Бишкек милициясы коменданттык саат учурунда акча салынуучу терминалды уурдап кеткендердин изине түшкөнүн айтты.

БАТИРДЕГИ ӨП-ЧАП ТУРМУШ

Социалдык түйүндөрдө Айгерим Иманалиева аттуу жаран алар жашап жаткан батирдин ээси бүгүн, 10-апрелде эшикке кууп чыкканын билдирип, баракчасына видео жүктөдү.ТВидео материалда автор карантин маалында батирге акча төлөй албаганынан улам, аларды батирдин ээси үйдөн чыгып кетүүсүн талап кылганын билдирген.

Количество просмотров: 1388