• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Күндүн ыргагы: Калайман мушташта өспүрүм каза болду. Жапырт камалгандардын жактоочулары бийликке нааразы

21 Бештин айы 2022 18:56 Бишкек Govori.TV

ЖАКТООЧУЛАР БИЙЛИККЕ КАЙРЫЛДЫ

Бүгүн, 21-декабрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын адвокаттары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, бийликке бир нече талаптарды коюшту. 12 адвокаттын турган топ өлкөнүн Конституциясына ылайык, президент адамдын жана жарандын укугунун гаранты экени эске салып, төмөндөгүлөрдү билдиришти. Саясатчы Жеңиш Молдокматовдун жактоочусу Кантемир Турдалиев Кыргызстан эгемендүүлүк алган 31 жылда мындай жапырт камоо болгон эместигин айтат. Ал эми адвокат Чынара Жакупбекова Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши менен кармалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулардын апелляциялык арызын Бишкек шаардык сотуна жөнөтпөй жатканына нааразы болду. Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, камалган. Алар акыркы күндөрү «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген. 14-декабрда алар саясий ачкачылык жарыялашты.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган. Садыр Жапаров жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун белгилеп, ички жана тышкы коопсуздукка күч органдары жооп берерин айткан.

ИШКЕРЛИКТИ ТЕКШЕРҮҮ

Бүгүн парламентте «Ишкердик субъектилеринде текшерүү жүргүзүүнүн тартиби» жөнүндө мыйзамдын долбоору талкууланды. Депутат Айбек Осмонов ишкерликти текшерүүгө беш жылдык мораторий киргизүүнү сунуштады. Ал эми депутат Адахан Мадумаров бизнеске байланышы бар депутаттар сүйлөп, добуш бергенден коркуп жатышканын айтты. Буга чейин президент Садыр Жапаров «Ишкердик субъектилерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин ишкерлерди текшерүүгө убактылуу мораторий киргизилет.

ДОЛЛАРДЫН БААСЫ

Кыргызстандын Улуттук банкы 20-декабрда доллардын курсун кармап туруу үчүн валюта рыногуна 87 миллион 500 миң доллар сатты. Бул тууралуу маалымат өлкөнүн негизги банкынын сайтына жарыяланды. Улуттук банк жыл башынан бери 15 жолу интервенция жасады. Буга чейин өлкөнүн башкы каржы мекемеси 17-ноябрда валюта рыногуна 55 миллион 200 миң доллар саткан. Ал эми бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу өлкөдөгү валюта рыногу тууралуу кеп козгоп, тийиштүү органдар тарабынан бул багытта көзөмөлдү күчөтүү ашыкча болбос деген пикирин айтты. Ушул тапта доллардын расмий курсу 85 сом 67 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 85 сом 73 тыйындан сатып алынып, бир сом кымбат сатылууда.

МАССАЛЫК МУШТАШТА ЖАШ БАЛА КАЗА БОЛДУ

Оштун Өзгөн районундагы №62 кесиптик лицейдин окуучулары мушташа кетип, бири каза болуп калган. Облустук милициядан билдиришкендей, 20-декабрда саат 21:30дар чамасында Өзгөн райондук милициясына №62 кесиптик лицейдин 16 жаштагы окуучусу каза болгондугу тууралуу маалымат Куршаб аймактык ооруканасынан түшкөн. Аталган маалымат кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышкан.

«Ошол эле күнү болжол менен саат 20:30дар чамасында Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагында №62 кесиптик лицейдин окуучулары пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Күбөлөрдүн берген көрсөтмөсүндө, 17 жаштагы 3-курстун студенти 16 жаштагы баланы муштум менен көкүрөк жагына уруп жиберген. Ал эс учун жоготуп, окуя болгон жерде каза болгондугу белгилүү болгон”, — деп айтылат маалыматта.

Маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, анын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда териштирүү иш-чаралары жүрүп жатат.

САЛЮТ ҮЧҮН 755 МИҢ САРПТАЛАТ

Жаңы жылды майрамдоо түстүү фейерверк менен жыйынтыкталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, майрамдык салюттарды уюштурууга шаардык бюджеттен 755 миң сом каралган. «Азыр борбор калаанын мэриясы 2023-жаңы жылды тосууга майрамдык программа даярдап жатат. Жаңы жыл алдында шаардыктарды чыгармачыл жамааттардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт»,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жаңы жылдык фейерверк быйыл биринчи жолу эмес, буга чейин Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө да түстүү фейерверк аттырылган.

Количество просмотров: 237