• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Камактагы журналисттердин туугандары Жапаровго кайрылды. Аламүдүндө жоголгон жаранды издөө токтоду

24 Үчтүн айы 2024 18:00 Бишкек Govori.TV

УКМК 24.KGНИН ӨТҮНҮЧҮН КАНАТТАНДЫРГАН ЖОК

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 24.kg маалымат агенттигинин мүлкүн камактан чыгаруу жана кеңсесин боюнча өтүнүчтү канаттандырган жок. Бул тууралуу аталган агенттик жазды.

Атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгынын катында редакция иш боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатканы жазылган. Ошол эле учурда өтүнүч эмне себептен четке кагылганы айтылган эмес.

УКМК бул боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин 24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева редакциянын кеңсесин ачып, мүлкүн камактан чыгарып, кайтарып берүү өтүнүчү менен Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетине кайрылган.

Атайын кызмат 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Кылмыш иштин алкагында кеңседеги компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынганы кабарланган.

24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь 15-январда УКМКга сурак беришкен. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо катына кол коюп бергенин айтышкан.

АБАКТАГЫ ЖУРНАЛИСТТЕРДИН ЖАКЫНДАРЫ КАЙРЫЛУУ ЖОЛДОШТУ

Учурда тергөө абагында олтурган журналисттердин жакындары жана туугандары Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовго, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушевге, КР Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековго, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевге жана жалпы депутаттарга, Ички иштер министири Улан Ниязбековго, Акыйкатчы (Омбудсмени) Джамиля Джаманбаевага, Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борборунун директору Рысбеков Бакыт Токталиевичке кайрылуу жолдошту.

Кайрылууда 2 айга абакка камалган журналисттердин айрымдары үй бүлөдө жалгыз багуучу, ошондой эле ден соолугу начарлар да бар экенин белгилешкен. Жакындары кайрылууда айтылган маалыматтарды эске алуу менен аларды үй камагына чыгарып берүүнү суранышкан.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынды.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган

ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАРДА ӨКМӨТТҮН ИШИ

23-январда түнкү саат 00:09 чамасында Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жер титирөө болуп, ал Кыргызстандын аймагында да байкалды. Жер титирөө катталгандан бери Бишкек жана Ош шаарларындагы жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн коопсуздугу, сапаты, мамлекеттик органдардын табигый кырсыктарды алдын алуудагы даярдыгы тууралуу маселе көтөрүлдү.

Депутат Нуржигит Кадырбеков түрдүү табигый кырсыктар болгон учурда адам өмүрүн сактап калуунун чаралары жөнүндө маалыматтар жетишсиздигин белгилеп, жарандарды окутуу маселесин көтөрдү.

Кошумчалай кетсек, 24-январь күнү да саат 01:11де Кытайдын аймагында жер титирөө кайталанып, очогунда күчү 2.5 баллга жеткен жер титирөөнүн толкуну Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда да сезилген. Жети-Өгүз районунун Ыштык айылында 2.5 балл, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 2,5 баллды түздү. Сейсмология институтунун маалымдашынча,  ушул эле күнү саат 02:38де силкинүү Кытайдын аймагында кайталанып, очогунда күчү 6,5 баллга жеткен. Кыргызстандын Жети-Өгүз районунун Ыштык, Кара-Сай, Бедел, Ак-Шыйрак айылдарында да жер титиреп, күчү 3 баллды түздү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баштапкы маалыматтар боюнча силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын билдирүүдө.

ОШТО КУРУЛУШТА ЖАРАН КАЗА БОЛДУ

23-январда Ошто курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 8-кабатында кирпич коюп жаткан жаран кулап кетип каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, каза болгон 1996-жылы туулган жаран курулушта жумушчу катары иштеп жаткан. Ал Кара-Кулжа районунун тургуну болгон.

Кошумчалагандай, бул боюнча шаардык милиция кылмыш ишин козгоп, териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

КАПЧЫГАЙДА ЖОГОЛГОН ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨ ТОКТОТУЛДУ

Аламүдүн капчыгайында жоголгон Маматалы уулу Мухаммедалыны издөө токтотулду. Бул тууралуу ӨКМден билдирди. ӨКМдин куткаруучулары, ИИМдин кызматкер атайы техникалар менен издөө иштерин жүргүзгөнүнө карабай жыйынтык болгон эмес.

Ал эми 10 күндүк тынымсыз издөө иштерин жүргүзгөнү үчүн жоголгон адамдын жакындары ӨКМ, ИИМ кызматкерлерине ыраазычылык билдиришкен.

Эске салсак, 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухаммедалынын дайынсыз болуп жатканы тууралуу 16-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине билдирүү түшкөн.

Дайынсыз болуп жаткан жарандын таңга маал тоо тарапты көздөй баратканы Аламүдүн капчыгайындагы «Жаннат Резорт» мейманканасынын камерасына түшүп калган.

Количество просмотров: 362