• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Күндүн ыргагы: Карантинди узартуу сунушталды. Депутаттар ушул жылы кандай иштеди?

20 Бештин айы 2022 18:24 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ТОКТОГУЛ ГЭСИНЕ БАРДЫ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-декабрда Жалал-Абад облусунда жайгашкан Токтогул ГЭСине барып, анын абалы менен таанышты. Анда өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу өкмөттүн башкы максаттарынын бири экенин билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, Акылбек Жапаров баасы 25 миллион доллар деп бааланган Каракөл ГЭСинин курулушу менен таанышты. Андан ары өкмөт башчы Талас облусунун Манас районуна барып, «Бала-Саруу» ГЭСиндеги курулуштун жүрүшүнөн кабар алды.

Өткөн айда Кыргызстанда электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлгөн. Энергетика министрлиги анда Токтогул ГЭСинде авария болду деген маалыматтарды жокко чыгарып, жарыктын улам-улам өчүрүлүгөнүн эки агрегаты ишке киргизилип жатканы менен негиздеген.

Токтогул ГЭСинин жабдууларынын эскилигинен улам 2016-жылы эки жолу авария болуп, аны жаңылоо долбоору 2017-жылдан бери эл аралык донорлордун жардамы менен ишке ашырылып жатат.

ЖК УШУЛ ЖЫЛЫ КАНДАЙ ИШТЕДИ?

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын шайланып келгенине бир жыл болду. Бул убакыт ичинде парламент кыргыз-өзбек чек арасын, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычын чечүү, Кыргызстанда кумарканаларды ачуу боюнча коомчулукта ача-пикир жараткан  мыйзам долбоорлорун кабыл алып берди. Парламент ушул жылы кандай иштеди? Депутаттар өз милдетин так аткардыбы?

АБАКТАГЫЛАРДЫН АБАЛЫ

Ачкачылык кармап жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова жеке Бул тууралуу Govori.TVга жактоочу Гуляна Убалиева билдирди.

Маалым болгондой, Нарматова бүгүн, 20-декабрь күнү эсин жоготуп жыгылган.

«Азыркы тапта Нарматова Бишкектеги диагностикалык борборлордун биринде медициналык текшерүүдөн өтүп жатат. Анын жүрөгүнүн согушу тездеп, энтигип жатат»,-деди адвокат.

Эксперт Бермет Барыктабасова көз карандысыз дарыгер катары тергөө абагына кирип чыкканын, ачкачылык кармап жаткан Перизат Суранованын да абалы начар экенин, ооруканага жаткырууну суранып жатканын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Бул арада жапырт кармалгандардын жакындары акцияга чыгып, аларды бошотуу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылышты.

Бишкекте массалык тополоң чыгарып, бийликти кулатууга даярдык көргөн деп кармалып абакта отургандардын арасынан мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган адамдар 20га жетти. Алардын ичинен төртөө аял. Бул арада Орозайым Нарматова менен Перизат Суранованын абалы кескин начарлаган.

ЖУНУСБЕКОВ АТАМБАЕВДИ СОТКО БЕРДИ

Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору Төрөхан Жунусбеков Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадырбек Атамбаевди жана Бишкек-24 интернет каналын сотко берди. Бул маалыматты Жунусбеков өзү кабарлаган.

Анын айтымында, Кадырбек Атамбаев жана маалымат сайтты аны негизсиз каралап, каралоону улантууда. 19-декабрда чиновник ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана моралдык зыяндын ордун толтуруу өтүнүчү менен Биринчи Май райондук сотуна кайрылган.

“Компенсация төлөсүн деп жатабыз, Кадырбек Атамбаев менен Бишкек-24 каналын бириктирип, 3 млн. сом деп жатабыз. Атамбаев ал шилтемени алып, башка маалыматтарды дагы кошуп өзүнүн баракчасына чыгарган», — деди Жунусбеков.

Буга чейин Бишкектеги Түштүк-Батыш көрүстөнүндө маркумду жерге берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөр боюнча материал жарыялаган.  Ал эми Кадыр Атамбаев бул боюнча комментарий бере элек.

КАРАНТИНДИ УЗАРТУУ СУНУШТАЛДЫ

Саламаттык сактоо министрлиги мектептеги карантинди узартып, бала бакчаларды жабууну сунуштады.

Министрликтен кабарлашкандай, 20-декабрга карата өлкө аймагында сасык тумоо менен курч респиратордук вирустук инфекциянын 6 миң 558 учуру катталды.

Балдар арасында оорунун күчөшү 68,7 пайыздан 72,6 пайызга өскөнүнө байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигине мектептеги карантинди 30-декабрга чейин узартып, ошондой эле бала бакчаларды дагы ошол күнгө чейин жабуу боюнча кат жиберилди.

Ал арада Бишкек шаарынын мэриясы маалымат таратып, курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо боюнча кайрылуулардын өсүшүнөн улам үй-бүлөлүк медицина борборлорунун бардык күндүзгү стационарлары  эки мөөнөттө иштей турганын кабарлады.

Количество просмотров: 268