• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: “Кемпир-Абад иши” жашыруун каралат. Баткендеги кыйраган үйлөрдүн канчасы бүттү?

18 Үчтүн айы 2023 18:32 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРАДА ТАЛКАЛАНГАН ҮЙЛӨРДҮН 45И БҮТТҮ

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев 18-январда Баткен облусунун Ак-Сай айылында сентябрдагы чек ара жаңжалында өрттөлүп, талкалангандан кийин кайра курулган бир нече үйдү ээлерине тапшырды.

Маалыматта жараксыз калаган  426 үйдүн, жалпы 45и кайра калыбына келтирилип, жашоочуларга берилгени, ал эми башка үйлөрдүн курулушу толугу менен 1-мартка чейин аяктай турганы жазылган. Кошумчалангандай, гуманитардык жардам катары чогулган каражаттын эсебинен үй ээлерине 100 миң сомдон акчалай жардам берилген.

Былтыр 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тарткан. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз болгон.

Үйлөрдү калыбына келтирүү тууралуу маселе Жогорку Кеңеште да буга чейин бир канча ирээт көтөрүлүп, Өкмөттүн бул багыттагы иши катуу сынга алынып келет.

ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН ӨЧҮРҮЛҮШҮ

Кыргызстанда ызгардуу суук түшкөндөн тартып электр энергиясынын өчүрүлүшү калкка кыйындык жаратууда. Тиешелүү министрлик жетиштүү кам көрбөгөнүн ызгаар суук далилдеди деген сын-пикирге кошо нараазычылык дагы күчөдү. Бул маселе боюнча айрым эл өкүлдөрү өздөрүнүн пикирин билдирди. Алардын айрымдары көйгөйдү түшүнүү менен кабыл алса, кээ бири энергетика министрлигинин ишин сынга алды.

Ал эми депутат Дастан Бекешев электр энергиясынын үзгүлтүгү боюнча маалымат берип, графигин айтып коюп турууну сунуш кылды.  Көп өтпөй «Кыргызстан улуттук электр тармагы» компаниясы маалымат таратып, электр жарыгын кыска мөөнөткө өчүрүү үчүн алдын ала эскертүүлөр бериле баштай тургандыктарын билдиришти. Маалыматка ылайык, катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө бир кыйла жогорулады. Буга байланыштуу электр жабдууларына күч келүүдө. Ошондуктан учурда өлкө аймагында жабдууларды сактап калуу максатында жана алардын зыян тартуусунун алдын алуу үчүн электр керектөө кубаттуулугун азайтылып жатат.

 “КЕМПИР –АБАД ИШИНЕ” ЖАШЫРУУН МАКАМЫ БЕРИЛГЕН

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын кылмыш ишине “жашыруун” деген макам берилген. Бул тууралуу аталган иште айыпталуучу катары кармалган саясатчы Жеңиш Молдокматовдун жана жарандык активист Эрлан Бекчоро уулунун жактоочусу Кантемир Турдалиев билдирди.

Жактоочунун айтымында, тергөө тобунун башчысы ишке жашыруун деген макам берилгенин жарыялаган, бирок токтом жактоочуларга бериле элек.

Ал эми ишти тергеп жаткан ички иштер органдары азырынча бул тууралуу комментарий берише элек.

Эске салсак. 2022-жылы“Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Бир күндөн соң отузга жакын саясатчы, блогер, активист жана укук коргоочунун үйлөрү тинтилип, өздөрү камакка алынган. Баары тең азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат. ИИМ кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген.

ЖАШ КЫЗДЫН ЖАКЫНДАРЫ АКЫЙКАТ ИЗДЕЙТ

Бишкектин Свердлов райондук соту 24 жаштагы Айза Улан кызын жөө өтмөктөн коюп кетип, качып кеткен айдоочуну үй камагына чыгарды. Мындай чечимге маркумдун жакындары нааразы. Айыпталуучунун үй камагына кое берилиши коомчулукта резонанс жаратып, маселе парламентте да көтөрүлдү.

6 ЖАШАР КЫЗДЫН ӨЛҮМҮ БОЮНЧА ИШ КОЗГОЛДУ

Чүйдө ооруканага оор абалда түшкөн жети жашар кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 145-беренесинин негизинде («Жардам көрсөтпөй коюу») кылмыш иши козголгон. Учурда укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

15-январда Кара-Балтадагы ооруканада 2016-жылы туулган наристе чарчап калган. Милиция 14-январда ал оор абалда ооруканага түшкөн деген маалымат бар экени, жана ага бронхопневмония, дем алуу кемтиги, сепсис, кант диабети деген болжолдуу диагноз коюлганын билдирген.

Кыз өтө арык экени жана ата-энеси чет жакта миграцияда жүргөнү тууралуу маалымат тарап, соцтармактарда ар кандай талкуулар жүрүп жатат.

ҮРӨЙ УЧУРГАН КЫРСЫК

Токмок шаарына жакын жердеги айланма жолдо катталган жол кырсыгында бир адам көз жумду.

Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүн болжол менен саат 12:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 71,500 чакырымында Ваз-2107 үлгүсүндөгү унаасы Токмок шаарынын парковый көчөсү менен түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып айланма жолго чыга калган учурда күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жаткан Мерседес бенц үлгүсүндөгү унаасына урунган андан соң карама каршы тилкеде келе жаткан «Мерседес бенц спринтер» үлгүнсүндөгү унаага урунган.

Жол кырсыгынын кесепетинен Мерседес бенц 124 (кузов) унаасынын жүргүнчүсү 1987-жылы туулган А.Т.Б ошол жерден көз жумган. Ал эми Мерседес Бенц спринтер үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүлөрүнөн алдын ала маалымат боюнча 5 адам жаркат алган Учурда текшерүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 307