• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Өкмөт башчы алмашты. Новиковдун ордуна Марипов

1 Бирдин айы 2021 18:29 Бишкек Govori.TV

ӨКМӨТ БАШЧЫЛЫККА МАРИПОВ СУНУШТАЛДЫ

Парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырды. Мариповду бул орунга «Республика-Ата Журт» фракциясы сунуштаган.

БАШ МЫЙЗАМДЫН ДОЛБООРУ ЖКГА ЖИБЕРИЛЕ ЭЛЕК

Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип жазылган Баш мыйзамдын жаңы долбоору Жогорку Кеңешке жибериле элек. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди. 27-январда Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү көпчүлүк добуш менен Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алышкан.

ЖАПАРОВ ТОКАЕВ МЕНЕН СҮЙЛӨШТҮ

Бүгүн, 1-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

ПРЕЗИДЕНТТИН БАСМА СӨЗ КАТЧЫСЫ АЛМАШТЫ

Нуркамал Асканова президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Маалыматка ылайык, тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Эске сала кетсек, президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нургазы Анаркулов ээлеген кызматынан бошотулган.

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина февралдын соңунда келет. Бул тууралуу Чүй аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнүн ачылыш аземинде саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

ӨКМӨТТҮН АЛДЫНДА МИТИНГ

Бүгүн, 1-февралда өкмөт үйүнүн алдында «Караван» соода борборунун жумушчулары кайрадан митингге чыгышты. Алардын айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду сатуучуларга башка жакка көчүрүү боюнча билдирүү жөнөткөн.

Количество просмотров: 516