• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Конституциядагы кемчиликтер айтылды. Бишкекте митинг сезону уланды

15 Бирдин айы 2021 18:50 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 15-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан Чүй облусунда бир адам каза болду​. 41 кишиге вирус жукканы маалым болду.

ЖЭЭНБЕКОВ КАЙТЫП КЕЛДИ

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков өткөн дем алыш күндөрү Кыргызстанга кайтып келди. Маалыматты мурдагы президенттин айланасындагы адамдар тастыктады. Жээнбеков жубайы менен Сауд Арабиясына умрага жөнөп кеткени 2-февралда белгилүү болгон.

ЧЕК АРАНЫ ЧЕЧҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛЫШТЫ

Бүгүн, 15-февралда Өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселеси боюнча митинг  өттү. Акцияга чыккандар: «Садыр Нургожоевич, элге чык!», «Чек ара маселеси чечилсин!» — деген талап коюшту.

СУВАНАЛИЕВ БАТКЕНДИ ЖЕТЕКТЕМЕЙ БОЛДУ

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бүгүн, 15-февралда аны облустук бийликтин жамаатына өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары Айбек Жунушалиев тааныштырды.

ЖАҢЫ МЫЙЗАМДАГЫ КЕМЧИЛИКТЕР

Бишкекте бүгүн, 15-февралда юристтердин “Конституциядагы кемчиликтер жана тобокелдиктер” аттуу жыйыны өттү. Анда сөз сүйлөгөн укук коргоочу, активист Динара Ошурахунова сунушталып жаткан жаңы Баш мыйзамдын долбоорундагы бир катар кемчиликтерди санады.

МАТРАИМОВДУН ИШИН ТЕРГӨӨ УЛАНАБЫ?

Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрү бар экендиги аныкталса тергөө иштери улантылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

СТУДЕНТТЕР МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ

Бүгүн, 15-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин алдында студенттер митингге чыгышты. Нааразычылык акциясына чыккандар окуу акысын 30 пайыздан 50 пайызга чейин төмөндөтүүнү талап кылышууда.

Количество просмотров: 208