• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Конституциялык кеңешменин ишинин биринчи этабы аяктады. Президенттикке талапкер БКШ менен соттошот

11 Бештин айы 2020 17:56 Бишкек Govori.TV

КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ: 1-ЭТАП БҮТТҮ

Конституциялык кеңешменин ишинин биринчи этабы аяктады. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, бардык секциялар тексттерин тапшырды.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Республикалык штабдын бүгүнкү маалыматына караганда кечээтен бери коронавирус бир адамдын өмүрүн алды. Каза болгон жаран Жалал-Абад облусунун тургуну болгон.

COVID-19 МЕНЕН КҮРӨШҮҮДӨГҮ КОРРУПЦИЯ

2020-жылы коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө Кыргызстандын саламаттык сактоо мекемелеринин ишинде 693 мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

ЧОРОЕВ БШКНЫН ЧЕЧИМИНЕ КАРШЫ СОТКО КАЙРЫЛДЫ

Кыргызстандын президентин шайлоого катышуу ниетин билдирген Кубан Чороев Борбордук шайлоо комиссиясынын 30 миң кол тамгасын жаратпоо тууралуу чечимин жокко чыгарууну талап кылууда. Ал БШКнын бул чечимине каршы Бишкектеги административдик сотко кайрылды.

АКШ МАТРАИМОВДУН АЯЛЫН ДА КАРА ТИЗМЕГЕ КИРГИЗДИ

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду аялы Уулкан Тургунова менен кошуп, “Магнитскийдин тизмесине” киргизди. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео “Твиттердеги” баракчасына жазды.

 “БОЗЫМЧАКТЫН” КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МИТИНГГЕ ЧЫКТЫ

Бүгүн, 11 декабрда өкмөт үйүнүн алдына Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан «КАЗ Минералз Бозымчак» ишканасынын кызматкерлери митингге чыкты.

 Алардын айтымында, кен 6-октябрдан бери иштебей турат.“Көптөгөн кызматкерлердин насыялары бар, алар ишкердиктин токтоп калгандыгына байланыштуу үй-бүлөсүн камсыздай алышпай жатат”,-деп билдиришкен акциянын катышуучулары.

ОКУУЧУЛАР УУЛАНГАН МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛИГИ АЙЫПКА ЖЫГЫЛДЫ

Чүй облусуна караштуу Байтик айылында 23 окуучу ууланган мектеп-интернатынын жетекчилиги менен кызматкерлерине айып салынды.

Эске салсак, 8-декабрь күнү болжол менен саат 23:00дө “Кут Билим” мектеп-интернатынан 20дан ашык бала тамакка ууланып, баары Шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген. Жабыркагандар 8 жаштан 20 жашка чейинкилер экени айтылган.

Количество просмотров: 142