• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Күндүн ыргагы: Коронавирустан 11 адам каза тапты. Азия банкы Кыргызстанга 50 млн. берди

5 Бугу 2020 18:23 Бишкек Govori.TV


КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ

Бүгүн, 5-майга карата Кыргызстанда дагы 13 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Учурда өлкөдө вирус жугузгандардын саны 843 көп жетти. Өткөн сутка ичинде Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 вирусунан 69 жаштагы 1 бейтап каза болгондугун билдирди.

ЫСЫК-КӨЛГӨ КОЮЛГАН ЧЕКТӨӨЛӨР КАЙРА КАРАЛАТ

Ысык-Көл облусуна кирип-чыгуу боюнча киргизилген чектөөлөр жалпы алгоритмге туура келбей жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Буга байланыштуу Облустук ыкчам штаб чечимин кайра карап чыгат”, — деди Үсөнбаев.
.Эске салсак, Ысык-Көл облусунун ыкчам штабы 4-майдан баштап бул регионго кирип-чыгууга тыюу салуу боюнча чечим кабыл алган.
Аймак тургундары жүйөлүү себептер менен гана башка региондорго барууга, райондук, мамлекеттик администрациялардын жана Каракол, Балыкчы шаардык мэриялары тарабынан берилген өткөрмө уруксат кагаздарынын негизинде чыгары айтылган.
Ошондой эле кайра облус аймагына кирген учурда жарандар милдеттүү түрдө экспресс-тест же ПЦР-анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалым кат көрсөтүшү керек болгон.

АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫ 50 МЛН ДОЛЛАР БӨЛӨТ

Азия өнүктүрүү банкы коронавируска каршы күрөшүүдө Кыргыз Өкмөтүнө жардам катары насыя жана грант түрүндө 50 млн доллар бөлүп берет. Мындай чечим Кыргыз Өкмөтүнүн коронавирус апаатында элдин ден соолугуна кам көрүү аракетине, социалдык жана экономикалык маселелерди чечүүсүнө колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынганы банк жарыялаган маалыматта айтылат. Банктын «Активдүү көңүл буруу жана чыгымдарды колдоо»  программасынын алкагында бул каражат пандемиянын жайылышын ооздуктоо, социалдык жактан муктаждарды коргоо, чакан жана орто бизнеске, өндүрүшкө жардам берүү боюнча чукул чараларды колдоого жумшалышы керек болот.

ЖЭЭНБЕКОВ КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Бүгүн 5-майда Кыргызстанда Конституция күнү белгиленүүдө. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков өз куттуктоосунда Баш мыйзам Кыргызстандын дүйнө коомчулугунда демократиялык мамлекет катары ордун бекемдөөгө, саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүүгө укуктук негиз болгонун белгиледи. “Башкы мыйзамыбыздын укуктук гана эмес, руханий жана маданий да мааниси бийик. Элибиздин дүйнө таанымын, келечек мүдөөсүн чагылдырган, өлкөбүздүн келечек багытын аныктоо үчүн пайдубал түзгөн документ катары кызмат кылууда. Конституцияда камтылган баалуулуктарды, анын нормаларын бекем сактап, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү — биздин негизги милдетибиз”, деп жазылат куттуктоодо.

НАРЫНДА АК ИЛБИРС КОЛГО ТҮШТҮ

Нарын районундагы чабандар ак илбирсти кармап алышты. Мамлекеттик экотехинспекциянын Нарындагы башкармалыгынын башкы инспектору билдирген маалымат боюнча, ак илбирс кармалганы тууралуу жергиликтүү жашоочулар маалымат берген.
«Жашоочулардын айтымында, ак илбирсти музоого кол салганда кармашкан. Ал адамдарга тийген эмес», – деди инспектор.
Белгилүү болгондой ак илбирстин бир көзү жабыркаганын, тиштери түшүп, карылыгы жетип калганын байкадык. Комиссиянын алгачкы кароосунун жыйынтыгы менен ак илбирске ок тийбегени жана жарадар болбогону аныкталды. Ак илбирс бүгүн, 4-майда Ысык-Көлдүн Ананьев айылындагы реабилитациялык борборго жеткирилди.


Количество просмотров: 300