• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Кумтөрдүн издөөдөгү мурдагы директору кармалды. Жарыктын өчүшүнө депутаттар нааразы

19 Үчтүн айы 2023 17:58 Бишкек Govori.TV

МИРЗИЁЕВДИН САПАРЫ

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен “жакынкы арада” келери пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн 19-январда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында билдирди. Эске салсак, Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын мөөнөтү жылдырылган. Чечим Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында кабыл алынган. ТИМ Мирзиёев Кыргызстанга 2022-жылдын аягына чейин келерин кошумчалаган эле.

ЖАРЫКТЫН ӨЧҮРҮЛҮШҮН ДЕПУТАТТАР СЫНДАДЫ

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңеш өлкөдөгү энергетикалык кырдаал боюнча Энергетика министрлигинин маалыматын укту. Анда баяндама жасаган министр Ибраевдин айтымында, Кыргызстанда электр кубаттуулугунун тартыштыгы 450-480 мегаватты түзүүдө. Эл өкүлдөрү жер-жерлерде жарык маал-маалы менен өчүп жатканын сындашты. Белгилей кетсек, ар кайсы аймактарда жарык маал-маалы менен өчүп жатканын социалдык тармактын колдонуучулары жазууда. Айрымдары өзгөчө ири шаарлар Бишкек, Ошто электр энергиясынын ар кайсы убакта өчүрүлгөнүнө нааразы болушууда.

ИЮНЬ ОКУЯСЫ БОЮНЧА ИШ

Бүгүн, 19-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Июнь окуясы боюнча ишти кароо уланды. Кылмыш ишинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ошол кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Бактыбек Алымбековго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып коюлган. Процесске айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын жактоочулары да катышкан жок. Жактоочу Кантемир Турдалиев соттук отурум эмне үчүн созулуп жатат деген суроого төмөндөгүдөй жооп берди. 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча кылмыш иште айып тагылгандардын бири, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деген пикирин айтты.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын жарыялаган. Анда кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы, кооганын чыгышына күнөөлүүлөрдүн бири деп аталган маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган. Кылмыш ишине байланыштуу быйыл 20дай саясатчы сурак берген.

КУМТӨРДҮН МУРДАГЫ АТКАРУУЧУ ДИРЕКТОРУ КАМАЛДЫ

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов камакка алынды. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлагандай, Курманов 14-январда «Манас» эл аралык аэропортунан кармалып, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына жеткирилген.
Башкы көзөмөл органы Курмановго карата камакка алуу бөгөт чарасы тандалып, издөө жарыяланганын билдирген. ал “Кумтөр Голд Компани” ишканасына аткаруучу директор болуп 2022-жылдын январында дайындалган. Буга чейин Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк дагы камалган.
Август айында Кумтөрдө каржылык мыйзам бузуулар тууралуу белгилүү болгон. Башкы прокуратура “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүктү жана аны менен кошо жооптуу эки адис кармалган.

ОШТОГУ КЫЛМЫШ: АЛТЫНЧЫ ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Ош шаарында адам өлтүрүүгө шек саналып издөөдө жүргөн дагы бир жаран кармалды. Дагы үчөө изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев парламенттеги жыйында билдирди. 13-январда Ош шаарында белгисиз бирөөлөр бир кишини арматура менен койгулап жатканы тартылган видео коомчулукта катуу талкуу жараткан. Үрөй учурган бул окуяда бир адам өлүп, дагы бир киши катуу жабыркаган.

Количество просмотров: 527