• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кыргыз аскерлери Тажикстанга барбайт. Жол кире дагы кымбаттайбы?

11 Тогуздун айы 2022 19:34 Бишкек Govori.TV

АЛИЕВ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин бүгүн, 11-октябрда, Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталды. Азербайжандын президентинин учагы “Манас” эл аралык аэропортуна конду. Аба майдандын флагштокторуна Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото Ардак кароол тизилди. Алиевди Кыргызстан президент Садыр Жапаров өзү тосуп алды. Эки мамлекеттин башчысына концерттик программа тартууланды…

Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар биргелешкен документтер кабыл алынып, Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев биргелешкен билдирүү жасашты.

Белгилей кетсек, сапардын алкагында “Кыргызстан-Азербайжан достугу” сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы өтөт.

БАТКЕНДЕ 2 АЙЫЛ ЖАҢЫДАН КУРУЛАТ

14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен районунун Достук жана Капчыгай айылдары толугу менен жаңыдан курулат. Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда кол койду.

Ага ылайык Баткен районунун Капчыгай жана Достук айылында жабыркаган үйлөр зыянды баалоо комиссиясынын аныктамасына карабай эле бузулат жана ордуна жаңы турак жай курулат. Курулуш белгиленген мөөнөтүндө аяктайт. Жаңы курулган үйлөрдүн документтери курулуш иштери аягына чыгары менен ээлерине акысыз берилет деп айтылды. Президенттин жарлыгында Достук жана Капчыгай айылдарын жаңыдан деталдуу пландаштырып курууга, турак-жайларды тургузууга акча каражаттарын атайын сметага ылайык жергиликтүү бийликке бөлүп берүү Каржы министрлигине тапшырылды. Министрлер кабинетине зарыл болгон чараларды ишке ашырууга милдеттендирилди.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тартканы маалымдалган. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек. Андан сырткары административдик, стратегиялык объектилер,  мектеп-бала бакча, фельдшердик-акушердик  пунк, аскер казармалары зыяк тарткан.

КЫРГЫЗ АСКЕРЛЕРИ ТАЖИКСТАНГА БАРБАЙТ

Кыргызстандын аскерлери ЖККУнун “Рубеж-2022” деген аталышта Тажикстанда өтө турган аскердик машыгуусуна катышпайт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

 “Биз мурдараак ЖККУнун “Рубеж-2022” аскердик машыгуусуна катышууну пландаганбыз. Бирок азыр андан баш тартууну чечтик”, — деп айтылат министрлик берген маалыматта.

Бир нече күн мурда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн контингенти “Рубеж-2022” машыгуусуна катышары, ага Борбор Азия аймагынын аскердик бөлүктөрү тартылары айтылган.

Ал эми 10-октябрда Кыргызстан ЖККУнун машыгуусун өз аймагында өткөрүүдөн баш тарткан. 1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

ӨЛКӨГӨ КЕЛГЕН ОРУСИЯЛЫКТАР

Быйыл Россиядагы мобилизацияга байланыштуу Кыргызстанга келген РФ жарандарынын саны салыштырмалуу 30%га көп. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин директору Нурсултан Сардарбеков билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдын 9 айында Кыргызстанга 192 миң РФ жараны келген.

Президент Садыр Жапаровдун 23-сентябрдагы жарлыгы менен 1790 адамга (1433ү чоңдор, 357си балдар) Кыргызстандын жарандыгы берилген.

Белгилей кетсек, Орусиядагы мобилизациядан улам миңдеген жарандар коңшу өлкөлөргө агылып жаткан чагы. Кыргызстанга да орусиялыктар келип жатканы белгилүү.  Мындай жагдайдан пайдаланып, калаадагы батир ээлери ижара акысын көтөрүп, ал тургай жергиликтүү тургундарды чыгарып жатат деген маалыматтар социалдык тармактарга жарыяланууда.

Ал эми буга чейин Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров ижарага батир берген жарандарды бааны көтөрбөөгө чакырып, кайрылуу тараткан.

ЖОЛ КИРЕ КЫМБАТТАЙБЫ?

Борбор калаада жол кире акысын жогорулатуу пландалып жатат. Эмне үчүн жол кирени көтөрүш керек? деген суроого Бишкектин Транспорт департаментинин башчысы Максат Нусувалиев түшүндүрмө берип, чыгымдар эки эсе өскөнүн, күйүүчү май жана автотетиктер кымбаттаганын жүйө кылды.

Количество просмотров: 209