• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кыргызстан бешинчи ажосун кетирди. COVID-19дун августтан берки эң жогорку көрсөткүчү катталды

16 Тогуздун айы 2020 19:52 Бишкек Govori.TV

ЖЭЭНБЕКОВ КЫЗМАТЫН ТАПШЫРДЫ

Бүгүн, 16-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өттү. Ага отставкага кетип жаткан президент Сооронбай Жээнбеков, катышты. Жээнбеков парламентке келип кайрылуу жасап, расмий түрдө президенттик кызматынан кетти.

ЖАПАРОВ ШАЙЛОО ТУУРАЛУУ

Жаңы парламент шайланып келгенден кийин конституциялык реформага барсак туура болот. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, азырынча парламентке бир мандаттуу жол менен шайланып келүү туура эмес болуп калат.

ШАЙЛОО 20-ДЕКАБРГА БЕЛГИЛЕНИШИ МҮМКҮН

Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрга белгилениши мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 16-октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.   “Жогорку Кеңештеги кайра шайлоону БШК дайындайт. Ал дайындалган күндөн тартып эки ай ичинде өтүшү керек. Кайра шайлоо 20-декабрга белгилениши ыктымал. Мунун баары конституцияда жазылган”, – деди Шайлдабекова.

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 16-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы төрт киши кайтыш болду. Соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 431 кишиден жаңы аныкталып, 208 адам ооруканалардан айыгып чыкты. Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2202 бейтап стационарда, 1951и үй шартында дарыланууда.

ЖЭЭНБЕКОВ КЕТЕРИНДЕ 4 ЖЕТЕКЧИГЕ НААМ БЕРДИ

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетеринде күч органдарында жетекчилик кызматта жүргөн төрт кызматкерге генералдык наам ыйгарды.

ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен министрдин орун басарлары Алмаз Орозалиев менен Мирлан Каниметов генерал болушту.

ТЕКЕБАЕВ КАЙРАДАН ДЕПУТАТ БОЛДУ

Айсулуу Мамашова «Ата Мекен” фракциясынын лидерлиги кызматынан өз ыктыяры менен баш тартты. Бул тууралуу аталган фракциянын басма сөз кызматы кабарлайт.

“Ал мындай чечимди партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайра кайтарып алып, парламентке келгендигине байланыштуу кабыл алды”, – деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 467