• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кыргызстан Өзбекстан менен чогуу завод курат. Окуучулардын автобусу кырсыкка кабылды

20 Чын куран 2023 17:09 Бишкек Govori.TV

ЭРТЕҢ АЙТ НАМАЗЫ ОКУЛАТ

Президент Садыр Жапаров эртең, 21-апрелде майрамдык айт намазга катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалыматка караганда, Орозо айтты майрамдоо күнүндөгү салттуу айт намаз Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтөт.

Орозо айт намазы 21-апрель, жума күнү таңкы саат 06:00дө окулмакча.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашкандай, айт намазынан улам Бишкектин бир катар көчөлөр таңы саат 05:00дөн 09:00гө чейин жабылат. Маалыматка ылайык, Панфилов көчөсү – Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин; Фрунзе көчөсү –Тыныстановдон Панфилов көчөсүнө чейин; Тыныстанов көчөсү – Фрунзеден Чүй проспектисине чейин, ал эми Чүй проспектиси – Тыныстановдон Панфилов көчөсүнө чейин жабык болот.

“Айт намазга келген адамдардан кооптуу заттардын жоктугу текшерүү үчүн бекеттер коюлат. Жогорудагы айтылган аймакка токтотулган унаалар эвакуацияланат”, — деп кошумлашты мекемеден.

ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН ЧОГУ УНАА ЗАВОДУ КУРУЛАТ

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда Өзбекстан менен чогуу унаа чыгаруучу заводду куруу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматта бул документтин кабыл алынышы өлкө аймагында жеңил жана коммерциялык техниканы чогултуу өндүрүшүн уюштуруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга мүмкүндүк берери айтылат.

“Долбоорду Кыргыз Республикасында ишке ашыруу республиканын автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүгө, ИДПдагы өнөр жайдын үлүшүн көбөйтүүгө, автомобиль паркын жаңылоого, 2000ден ашык жаңы жумуш орундарын түзүүгө, автотранспорт каражаттары үчүн компоненттерди чыгаруу боюнча жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө түрткү берип, аны менен өлкөнүн экономикасынын өнүгүү динамикасына оң таасирин тийгизет”, — деп жазылган маалыматта.

Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун 15-мартта кабыл алган. Ал быйыл 27-январда Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосунда автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүүнү уюштуруу боюнча макулдашуунун негизинде каралган.

Макулдашууда заводду куруу үч этапта иштей турганы, алгач 500 жумуш ордун түзүү менен 10 миң даана унаа чыгаруу каралган. Кийинки этапта жумуш орундарын көбөйтүп, унааны чыгарууну 30 миңге жеткирүү жазылган.

Кыргызстандын аймагына биргелешип автомобиль чыгарган заводун куруу боюнча макулдашууга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин быйыл 26-27-январда Бишкекке болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.

ОКУУЧУЛАР КЫРСЫККА КАБЫЛДЫ

Бүгүн, 20-апрелде Бишкектен “Манас” аэропортуна бараткан жолдо жаш балдар бара жаткан  автобус жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдо автобус кайрылып жатканда арттан келе жаткан автоунаа сүзүп кеткен.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кырсыктан жалпы 18 бала жабыркаган. “Кырсыктан жабыркаган 18 бала Шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына жеткирилген, алардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө. Бардык керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 2022-жылы 7040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам каза болгонун билдирген.

ДЕПУТАТТАР КӨТӨРГӨН МАСЕЛЕЛЕР

Бүгүн, 20-апрелдеги Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар тарабынан бир катар маселелер көтөрүлдү. Депутат Тазабек Икрамов Кыргызстандан алтындар сыртка мыйзамсыз жол менен ташылып жатат деген пикирин айтты.

 “Алтынды спортчуларыбыз граммдап сырттан алып келип жатат, а уурулар 100 килограммдап, тонналап сыртка чыгарууда”, деп нааразы болгон депутат Икрамов териштирүү тапшырмасын берди.

Жыйын учурунда депутат Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда бети-башын толук чүмкөгөн, кара паранжа кийген кыз-келиндерге, аялдарга байланыштуу маселе көтөрдү. Ал 20-апрелдеги жыйында Ош облусундагы жагдайды мисалга тартып, бул жаатта Дин иштери комиссиясына тапшырма берилиши керектигин айтты.

Ал эми депутат Камила Талиева Баатыр энелерге пенсиясына кошумча 5 миң сомдон төлөп берүүнү сунуштады. «Баатыр энелер демографиялык көрсөткүчтөрдү жогорулатууда салымы чоң деген Талиева энелерге колдоо көрсөтүү керек деп эсептейт.

Жыйында сөз алган депутат Нурлан Ражабалиев Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү курулушуна байланыштуу маселе көтөрүп, айлык-маянасын ала албай жүргөн жумушчулар бар экенин айтты. Ал мындан улам президенттин жана өкмөтүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, чара көрүлүшү керектигин билдирди.

ФАРМАЦЕВТИКАЛЫК ИШКАНАНЫН ДИРЕКТОРУ КАРМАЛДЫ

Өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен фармацевтикалык ишкананын директору жана ортомчу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында чет өлкөлүк жаран башчылык кылган  фармацевтикалык ишканасынын мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды.

Салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аталган фармацевтикалык ишкана тарабынан 17 млн сомдон ашык суммадагы салыкты жашыруу фактылары аныкталып, салык төлөөчүнүн даттануусунун алкагында жогору турган салык органы тарабынан канааттандырылган.

Өз кезегинде, компаниянын өкүлдөрү мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрүнүн көлөмүн азайтуу жана кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө жагымдуу шарттарды түзүү максатында, маселенин оң жагына чечилиши үчүн акчалай сыйлык берүүнү сунуш кыла башташкан.

Бул факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында фармацевтикалык ишканасынын директору жана ортомчу УКМКнын кызматкерине 40 миң АКШ долларын пара катары берип жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 119