• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Мүлк сатуудагы салык талкууга түштү. “Тайсон” кармалды

6 Тогуздун айы 2023 18:08 Бишкек Govori.TV

КЕНДИРБАЕВА МИНИСТР БОЛДУ

Догдуркүл Кендирбаева Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна мурда жүктөлгөн милдеттеринен бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.

Эске салсак, 28-сентябрда Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Бул кызматты ага чейин аркалап келген Каныбек Иманалиевди 7-сентябрда Президент «тапшырылган эмгек милдеттерин татыктуу аткарган жок» деген жүйө менен ишинен бошотулган.

МҮЛК САТУУДАГЫ АЛЫНУУЧУ САЛЫК

Салык кызматы мүлк сатуудан түшкөн кирешеден 10% өлчөмүндө алынган салыктын эрежелери тууралуу түшүндүрмө берди.

Ага ылайык, мындай салык батир, үй, жана унаа өңдүү мүлктү сатып алгандар бир жылга жетпей эле кайра сатса салынары белгиленген.

«Эгер менчигиндеги мүлк сатып алгандан кийин бир жылдан кийин кайра сатылса, анда салык төлөө талап кылынбайт. Мисалга алсак, А.А. аттуу жаран 3 млн сомго батир же унаа сатып алып, бир жылдын ичинде эле кайра 3,5 млн сомго сатса, алынган 500 миң сом кирешенин 50 миң сому салык катары төлөнүшү керек. Эгер ал бир жылдан кийин сатса салык төлөбөйт. Мүлктү бир жылдын ичинде кайра сатуудагы салык алуу жаңы жобо эмес. Ал Салык кодексинин мурунку редакцияларында да болгон, бирок 2022-жылга чейин ээлик кылуу мөөнөтү эки жылды түзүп келген, ал эми азыр бул мөөнөт бир жылга кыскарган. Ошондой эле 2022-жылдан баштап жаңы ченем күчүнө кирген, анда киреше салыгы курулушка, жасалгалоого жана оңдоого кеткен чыгымдарды алып салгандан кийин эсептелет (чыгымдарды тастыктаган тиешелүү документтер болгон учурда). Мүлктү кайра сатуудан киреше алган жарандар календардык жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын тапшырышы керек.»,-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Салык кызматы мүлкүн саткан жарандарга 10% өлчөмүндөгү салык төлөөгө милдеттендирип жатканы тууралуу социалдык тармактарда талаш-талкуу чыккан.

«КЛООП МЕДИАНЫН» ИШИ

Бүгүн, 6-октябрда Октябрь райондук сотунда “Клооп” басылмасын жабууга байланыштуу Башкы прокуратуранын арызын кароо уланды. «Клооп Медианын» өкүлдөрү Юстиция министрлигин соттук процесске үчүнчү тарап катары катышуусун өтүнүп, ал канаттандырылды. Кийинки соттук отурум 23-октябрга белгиленди.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко арыз жазганы 28-августта белгилүү болгон.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинин «Клооп Медиа» мекемесин жабуу аракети боюнча тынчсыздануусун билдиришүүдө. Алар Кыргызстандын бийлигин медианы жоюу тууралуу арызын артка кайтарып, көз карандысыз репортаждары жана иликтөөлөрү үчүн куугунтуктоону токтотууга чакырышты. “Клооп” 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган.

 “ТАЙСОН” КАРМАЛДЫ

Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Талас облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Асанбектин “Тайсон» каймана аты бар уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Ал К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун атынан Талас шаарынын кароочусу (смотрящий) болгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү унаамектептин мугалимине карата болгон компроматтык маалыматтарды Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана УКМКнын кызматкерлерине берем деп коркутуп, кысым көрсөтүп, 70 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында опузалап талап кылынган сумманын бир бөлүгүн, 30 миң сом акча каражатын алуу учурунда шектүү кармалып Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Ошол эле учурда, өздүк тинтүү учурунда шектүүдөн жалпы салмагы 20 граммды түзгөн кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган. Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

АЗИЯ ОЮНДАРЫ

Бүгүн кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Айпери Медет кызы алтын,  Нурзат Нуртаева Азиаданын күмүш, Айсулуу Тыныбекова коло медал утту.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын Азия оюндарындагы байгесинин саны онго жетти. Балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана дзюдочу Эрлан Шеров Азия оюндарында алтын медал тагынды. Ал эми балбан Раззак Бейшекеев, ушу-саньда боюнча Авазбек Аманбеков менен Темирлан Аманкулов, жеңил атлетикадан Сардана Трофимова жана каратэден Назим Нурланов коло медал уткан. Учурда Кыргызстан 4 алтын, алты коло жана 1 күмүш байге бар.

Количество просмотров: 549