• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Мадумаров абакта калтырылды. Тууну өзгөртүүгө каршы болгон активист камалды

8 Бештин айы 2023 18:11 Бишкек Govori.TV

КЫШЫНДА ЖАРЫК ӨЧҮҮСҮ МҮМКҮН

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында эгер кышкы мезгилде трансформаторлорго ашыкча жүк келсе, электр жарыгын өчүрүлөр болот. Ал «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйын учурунда, трансформаторлор ашыкча жүк келсе, энергетиктер аларды өчүрүп, жөнгө салуу чараларына өтүшү керек билдирди.

Кошумчалай кетсек, расмий маалыматтарда, Кыргызстанда жылына 17,2 млрд кВт электр энергиясы керектелет. Энергетика тармактары жылына 14 млрд кВт саат электр энергиясын иштеп чыгат. Калган таңкыстыкты кыргыз өкмөтү Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстандан сатып алынган электр энергиясы менен жаап келет.

МАДУМАРОВ АБАКТА КАЛДЫ

Бүгүн, 8-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун иши каралды. Соттук процесске ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок. Жактоочулардын Мадумаровду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн сот канааттандырган жок. Саясатчы 2024-жылдын 9-февралына чейин камакта калды.

Белгилүү болгондой, ал эл өкүлдөрү Адахан Мадумаров үчүн жоопкерчилик алуу тууралуу ишти карап жаткан судьяга кепилдик өтүнүч катын жазып, кол коюп беришкен.

Эске салсак, Адахан Мадумаровду милиция 2-сентябрда Бишкекте кармаган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Мадумаров 26-октябрда эртең менен УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилип, кийин кайра абакка которулган.

АКТИВИСТ КАМАЛДЫ

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан жарандык активист Афтандил Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин “массалык баш аламандыктар” беренесинин 3-бөлүгү, “бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен айып тагылды. Бул тууралуу активисттин жактоочусу  билдирген.

Анын сөзүнө караганда, Бишкек шаардык милициясы Жоробековго 6-декабрда Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган видео боюнча иш козгогон. Ал видеодо активист акыркы үч жылда Кыргызстандын экономикасында «жылыш жок» деп айтып, желекти өзгөртүүгө каршы экенин билдирген.

Адвокат Мамасалиева тергөөчү активист Жоробековду 48 саатка камакка алуу тууралуу чечим чыгарганын кошумчалады.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова камалган активисттин үйүнө тинтүү жүргүзүү үчүн кишилер келгенин Фейсбукка жарыялады. Ал эми милиция расмий маалымат бере элек.

Активист 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрүүнү көздөп жаткан. Мындан улам ал буга чейин дагы милиция менен УКМКга сурак берип чыккан.

 “БУРАНА ГРАНДДЫН” ДИРЕКТОРУ КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы “Бурана Гранд” курулуш компаниясынын директору Урмат Ишенбеков кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ага кылмышка кошо катышуу деген айып тагылып 30-ноябрда кармалып, 2024-жылдын 4-январына чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Урмат Ишенбеков “Эмарк Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов менен Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу аракеттерин билип туруп, анын каражатын кыймылсыз мүлккө колдонушканы аныкталганы айтылды.

Урмат Ишенбеков, Чолпонбек Акматов жана Камчы Көлбаев “Аврора Групп” ишканасынын ээси Азрет Боотаев менен сүйлөшүп, кылмыш жолу менен алынган акчачаны жашыруу жана кыймылсыз мүлккө инвестициялоо максатында 2022-жылдын сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан 4 гектар жер тилкесин “Бурана-Гранд” ишканасынан “Каганат Резорт” компаниясына формалдуу сатып алуу келишимин түзүшкөнү такталган.

“Эмарк Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу” беренеси менен шек саналып октябрь айында камалган. “Каганат Resort” эс алуу борборунун тең негиздөөчүсү жана “Аврора Групп” ишканасынын ээси Азрет Боотаев 4-октябрда кармалган. Ал “кылмыштуу кирешелерди адалдоого” айыпталууда.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

АЙЫЛ ӨКМӨТТҮН ОРУН БАСАРЫ ПАРА БЕРҮҮГӨ ШЕКТЕЛҮҮДӨ

2023-жылдын 5-декабрында козголгон кылмыш ишинин алкагында Күн-Чыгыш айыл өкмөт башычысынын орун басары УКМКнын кызматкерине 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Такталгандай, КР УКМК кызматкерине Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан 2,5 млн сомго автотранспорт каражаттарын сатып алуу боюнча өткөн тендердеги КР мыйзамдарын бузууларды текшерүүнү токтотуу маселесинде оң чечим чыгаруу үчүн пара катары берилгени аныкталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 187