• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Мамлекет 30дай компаниядагы үлүшүн сатууну көздөөдө. Бюджеттин тартыштыгы көбөйдү

22 Жетинин айы 2022 18:17 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ АРМЕНИЯГА БАРАТ

Президент Садыр Жапаров 23-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Армения Республикасына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле, Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын алкагында ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Армения Республикасынын Уюмга төрагалык кылуунун жыйынтыгын чыгарышат жана Беларусь Республикасынын төрагалыгы маалындагы ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат угушат.

Мындан тышкары, ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы шериктештикти бекемдөөгө, ошондой эле Уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда”, — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

БЮДЖЕТ ТАРТЫШТЫГЫ

Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «2023-жылга республикалык бюджетти жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндөгү» мыйзам долбоорун жактырды. Жыйын жалаң гана суроо-жооп, талкуу менен өттү. Депутаттар өлкөдөгү эң негизги  социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү жана бюджеттеги таңкыстыкты көтөрүштү.

МЕГАКОМДУ САТУУ ПЛАНДАЛУУДА

Кийинки жылы «Альфа Телеком» (MegaCom соода маркасы) ЖАКты сатуу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, буга чейин компания 19 млрд сомго бааланган, азыр болжол менен 14-15 млрд сомго бааланышы мүмкүн.

Ал эми депутат Улукбек Ормонов былтыр эле Жогорку Кеңеш Megacom компаниясын Улуттук банкка сатууга макулдук бергенин эске салып, кайрадан сатыкка коюнун себебине кызыкты. Депутатка жооп берген Бакиров анда менчиктештирүү жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окуудан өтпөй калганын айтты.

Акциясынын 100% мамлекетке таандык «Мегаком» компаниясын буга чейин бир канча жолу сатуу аракети болгон. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49% улутташтырган. 2014-жылы компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн.

КЫЗ АЛА КАЧКАНДАР КАРМАЛДЫ

Бишкекте кыз ала качууга шектелип 20 жана 24 жаштагы жигиттер кармалды.  Ленин райондук милициясынын маалыматына ылайык, 20-ноябрда Ленин райондук милициясына кыз кайрылып, аны чала тааныш эки адам Арча-Бешик конушунда Volkswagen Passat унаасына салып, Токмок тарапка ала качуу үчүн алып кетүүгө аракет көргөнүн билдирген. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (“Никеге туруу максатында ала качуу”) менен катталган.

Шектүү катары кармалган жарандар милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө амалдары уланууда.

Белгилей кетсек, 25-ноябрдан тарта “Сезим” кризистик борбору зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк баштайт. Анын максаты — аялдардын укуктарын коргоп, зордук-зомбулукту токтотууга коомчулукту чакыруу.

Ал эми Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, былтыр 604 сексуалдык зомбулук фактысы катталып, анын 53% «кылмыштын курамы жок» деген негизде кыскартылган. Никеге туруу максатында 254 ала качуу болуп, алардын 84% сотко жеткен эмес. Быйыл беш айда 3988 үй-бүлөлүк зомбулук фактысынын бети ачылган.

ИНСПЕКТОР 16 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын мурдагы кызматкери Жакупбек Дуулатбек уулу айдоочуну өлтүргөн деп аныкталып, 16 жылга эркинен ажыратылды.

 Мындай чечимди бүгүн, 22-ноябрда Свердлов райондук соту кабыл алды.

Сот Дуулатбек уулун Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» жана «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 16 жылга эркинен ажыратуу менен жазасын түзөтүү колониясында өтөө жана 3 жыл бою укук коргоо органдарында иштөөгө тыюу салган.

2021-жылдын 27-августунда Бишкектин Жибек Жолу проспекти менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде, ошол аймактагы мечиттин жанында эркек кишинин ок жегени боюнча маалымат жарыяланган.

Ал жерде 1989-жылы туулган Чыңгыз Абдыраевди ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын кенже инспектору көкүрөгүнөн жарадар кылганы белгилүү болгон. Окуя видеокөзөмөл камераларына түшүп калган. Дагы үч кызматкер кылмыштын изин жашырган деп шектелген.

Ошондой эле быйыл дагы үч айыпталуучу: Юлия Сафоновага, Абдималик Бекматовго жана Эламан Базаркул уулуна өкүм чыгарылган. Алардын баары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп табылып, ар бири жети жыл алты айга эркинен ажыратылган, бирок үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө алынгандыктан камактан бошотуу чечими кабыл алынган.

Количество просмотров: 146