• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Маянасыз иштейбиз деген депутаттар айлык алууда. Мамытовду Орусияга кимдер жандап барат?

4 Бештин айы 2020 18:11 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО

3-декабрда президенттикке талапкерлер шайлоочулардын кол тамгалары коюлган тизмени жана 1 миллион сомдук күрөөнү тапшыруу мөөнөтү аяктады.  Учурда Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкерлигин койгон 21 жарандан шайлоочулардын колу коюлган баракчалар келип түштү.   

МАМЫТОВ РОССИЯГА БАРАТ

КР президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 6-8-декабрь күндөрү Москвада иш сапары менен болот. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.  Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт

ДЕПУТАТТАРДЫН АЙЛЫГЫ ТАЛКУУДА

Жогорку Кеңештин депутаттарына октябрь, ноябрь айлары үчүн маяна берилди. Бул маалыматты парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, көпчүлүк депутаттар октябрь айындагы маянасын Ак үйдү оңдоого беришкен. Ал эми ноябрда дагы салттуу түрдө эле айлыктарын алышкан.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 4-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды. Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарында бирден өлүм катталды. Бир күндө вирус дагы 440 кишиден жаңы аныкталды.

АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРИНИН МААЛЫМАТЫ

Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев айыл чарба жаатында өзгөрүүлөрдү киргизүү үчүн санариптештирүүгө өтүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-декабрда өткөн маалымат жыйында билдирди.

ТАЛАСТА 24 СААТ МАНАС АЙТЫЛАТ

Бүгүн, 4-декабрь — «Манас» күнүнө карата Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексинде бир сутка бою «Манас» айтылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.  Мекеменин маалыматына караганда, «Манас» айтуу 4-декабрь күнү саат 11:00дө башталып, 5-декабрь күнү саат 11:00дө токтотулат. Ага өлкөнүн бардык аймагынан келген манасчылар катышат.

ТООЛОРГО КАР КӨЧКҮ ТҮШӨТ

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү мүмкүң. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди. 

Количество просмотров: 315