• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Мирзиеевдин сапары чек араны чечеби? Мушташ өлүм менен аяктап, 7 киши кармалды

18 Тогуздун айы 2022 18:38 Бишкек Govori.TV

ӨЗБЕК ПРЕЗИДЕНТИ БИШКЕККЕ КЕЛЕТ

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусунда сапардын мөөнөтү такталууда.

Буга чейин айтылган айрым маалыматтарга ылайык, Шавкат Мирзиеевдин Бишкекке сапары учурунда кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жерди Өзбекстанга берүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Келишимдин долбоору өткөн аптада Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралган.

Жабык өткөн бул жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев документте ачыкталбай турган маалыматтар бар экенин, документтин толук мазмуну эки президент кол койгондон кийин жарыяланарын айткан. Жыйынтыгында комитет жыйынына катышкан 10 депутаттын алтоо  келишимин долбоорун колдосо  төртөө каршы добуш берген. Ал эми комитет төрагасы Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору тууралуу комитеттин чечимине кол коюудан баш тарткан. Ал муну чек ара келишимине байланыштуу депутаттарга тиешелүү документтер толук берилбегени менен түшүндүрдү.

МИНИСТРЛИКТИН МААЛЫМАТЫ

Кыргызстанда мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоо ушул жума аяктайт. Билим берүүнүн сапатын жана маалыматтык технологияларды баалоо боюнча улуттук борбордун бөлүм башчысы Рыскүл Маданбекова билдиргендей, биринчи айлампага 2 миң 37 талапкер катышкан.

Маалымат жыйында журналисттер тарабынан мектепте акча чогултуу маселесине качан чекит коюлат деген суроо узатылды. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында бул жаатта иштер жүргүзүлүп жатат.

Өлкөдөгү орто мектептердин дээрлик бардыгында «Класстык фонд», «Мектеп фонду» же «Камкордук кеңешинин фонду» сыяктуу ата-энелерден акча чогултуучу фонддор бар. Акыркы учурда социалдык тармактарда мектептерде акча чогултуу маселеси кеңири талкууланып, нааразы пикирлерди жаратууда. Буга чейин мурдагы министр Алмазбек Бейшеналиев мектепте окуган балдардын ата-энелеринен акча чогултуу маселесине чекит коюу үчүн сентябрда коомдук талкуу уюштурула турганын айтканы бар.

ЖМКГА КАРШЫ АРЫЗДАР

«Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде маданият министрлигине сайттарды жабуу боюнча жалпы 8 арыз келип түшкөн.

Эске салсак, «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамга 2021-жылдын 23-августунда президент Садыр Жапаров кол койгон. Мыйзам долбоорунда интернет колдонуучулардын анонимдүүлүнүн жоюп, эгер жалган же такталбаган маалымат чыккан болсо соттун чечимисиз эле сайтты жабуу каралган. Чуу жараткан мыйзамга жарандык коом каршы чыгып, долбоор кескин сынга алынган.

Февраль айында Маданият министрлиги фейктер тууралуу мыйзамды аткаруу боюнча токтом иштеп чыккан. Документке ылайык, мамлекеттик орган арыздарды жана даттанууларды кабыл алып, анык эмес маалыматты таратты деген сайттарды убактылуу жабуу менен алектенет.

Убактылуу жабууга 24.kg маалымат агенттиги дуушар болгон. Анда Амбассадор» мейманканасы Маданият министрлигине 24.kg басылмасына арызданып кайрылган, алар сайтта чыккан маалыматты чындыкка коошпойт деп эсептешкен. Маалымат агенттигинен эч ким алар менен байланышып, алардын версиясын укпаганын билдиришкен. Териштирүүлөрдөн кийин Маданият министрлиги сайтты жабуу боюнча чечимди артка чакыртып алууну чечкен.

Деген менен Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров, Жанарбек Акаев, Дастан Бекешев, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Сейит Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбековдор  «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Долбоор парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.

МЭРГЕ КАРАТА КЫЛМЫШ ИШИ ТЕРГЕЛҮҮДӨ

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго карата төрт кылмыш иши тергелип жатат.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча иштер Алмаз Мамбетов Балыкчы шаарынын мэри болуп турган мезгилде козголгон.

Учурда иш тергелип жатат. Буга чейин бул иш боюнча Балыкчы шаарынын биринчи вице-мэри Азиз Асаналиев кармалганы маалымдалган.

Белгилей кетсек, Башкы прокурор Зулушев 2022-жылдын 15-сентябрында Балыкчы шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда тургундардын суроолоруна жооп берип жатып, Алмаз Мамбетовго карата төрт иш козголгонун айткан.

«Мамбетов Алмаз боюнча 4 кылмыш иш бар. Тергөө иштерин УКМК жүргүзгөн, азыр прокуратуранын кароосуна алынып, тергөө тобу түзүлдү. Мен жеке көзөмөлгө алам. Сизде дооматтар болсо айтып бериңиз. Алмаз Мамбетовдун күнөөсү далилденсе, ал жоопко тартылат», — деген Башкы прокурор жарандын суроосуна жооп берип жатып.

Алмаз Мамбетов 2014-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген.

7 ЖАРАН АДАМ ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү катары 7 жаранды аныктады. Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 17-октябрда болжол менен саат 02:15 чамасында “102” кызматына “восток 5” дарегинде жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде “жаран киши колдуу болуп өлдү” деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барып, азият түспөлүндөгү болжолдуу жашы 30-35 курактагы жаран киши колдуу болуп өлгөндүгү аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары 1990, 1995, 2002, 1974, 1998-жылы туулган кыздар жана 1992, 2000-жылы туулган балдар, жалпысынан 7 жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткиришкен.

“Шектүүлөрдүн айтымында адам өлтүрүү мушташуудан улам келип чыккан. Тагыраагы маркум чогу отурган бир кызды сабап салгандыктан, ал башка жарандардын катышуусу менен топтошуп, ошол жаранды өлтүрүшкөндүгүн айтышкан», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 693