• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Митингде Ак үйдү кимдер басып алган? Ошто эл чогулткан Жапаров сынга калды

3 Жетинин айы 2020 18:11 Бишкек Govori.TV

5-октябрдын таңында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл ири митинг кылып, саат түнкү үчтө Ак үйдү алышты. Башаламандыкта Ак үйдү кимдер алды? Мелис Аспеков айткандай, алар баштаган митингчилер басып алдыбы? Же Бабанов айткандай, төңкөрүштүн артында башка күчтөр турабы?

ЖАПАРОВДУН ИШ САПАРЫ УЛАНУУДА

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарында эл менен жолугушту . Анда парламенттик шайлоо анын божомолу боюнча март, апрель же май айында өткөрүлө туранын айтты. Садыр Жапаров менен жолугушууга маалыматтарга ылайык, 4 миңдей адам келген. Бул маалымат коомчулуктун талкуусчуна алынып, айрымдар коронавирус күчөп жатканда стадионго толтуруп эле чогултуунун тууралыгы тууралуу ача кептер айтылды.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

3-ноябрга карата бир күндө коронавирус жугузуп алгандардын саны 400 киши болду. Март айынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 60 279 адамды түздү.

COVID БОЮНЧА МИНИСТРЛИКТИН МААЛЫМАТЫ

Бүгүн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев экинчи чейректе окуучулар мектепке барып окуп баштайбы деген суроого жооп берди.

ИИМ КЫЗМАТКЕРИ КОРРУПЦИЯГА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан байма-бай пара алынып келгенин аныктады. Тактап айтканда ички иштер органдарына жумушка орношо турчу талапкерлердин кызматка жарактуу экенин тастыктоочу медициналык корутундусун жазып берүү

ДОЛЛАРДЫН БААСЫ КЕСКИН КӨТӨРҮЛДҮ

Кыргызстанда доллардын курсу 84 сомдон ашты. Бүгүн акча алмаштыруучу жайлар 1 АКШ долларын 83,6-84 сомдон сатып алып, 84-84,4 сомдон сатышууда. 3-ноябрдын таңында бир доллар 83 сомдун тегерегинде болчу

Количество просмотров: 927