• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Митингдер токтобосо, базарларга тышкы башкаруу кирет. Депутаттар кайрадан Байсаловго нааразы

6 Бештин айы 2023 18:01 Бишкек Govori.TV

БАЗАРДАГЫ НААРАЗЫЧЫЛЫК АКЦИЯЛАР

Бүгүн, 6-декабда президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине Көзөмөл-кассалык машинелерди колдонууга каршы чыккан соодагерлердин митинги тууралуу маек берди. Ал маегинде, эгер митингдер токтобосо, базарларга тышкы башкаруу киргизилерин айтты.

“Улам-улам үндөп митинг кыла беришсе, алардын маселесин беш секундда чечебиз. Базарларга өкмөттүн атынан “Кумтөргө” тышкы башкаруу киргизгендей, тышкы башкаруу киргизебиз. Тез арада баарын ревизия кылып чыгабыз. Мурдагыларынан бери баарын казып чыксак эле мүлктөр, суммалар ачыкка чыгып калат. Эскинин баарын төлөөгө туура келип калат. Ага чейин барбай эле коелу деп күч органдарын токтотуп атам. Анткени, баары эле өзүбүздүн жарандар. Аларга мүмкүнчүлүк берели дедим”, — деди президент.

ККМден улам келип чыкка нааразычылыктар тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев да пикирин айтып, элди чагымчыларга алданбоого чакырды. “Өлкөдөгү базарлардын ээлери соода комплекстеринен эбегейсиз киреше алып жаткан бай адамдар. Бирок соодагерлер чоң суммада акча төлөп жатканы менен көпчүлүк базарларда жөнөкөй эле шарттар жок. Буга байланыштуу соодагерлердин ишин жеңилдетүү үчүн биринчи кезекте базар ээлери ижара акысын кеминде эки эсе арзандатышы керек”, — деген ал.

Ташиев өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы базарлардын соодагерлери ККМге каршы чыгып жаткан митингдерди айрым чагымчылдар саясатка айландыргысы келип жатканын кошумчалады.

Акыркы эки жумада Кыргызстанда он миңдеген адам иштеген ири базарлардын соодагерлери ККМди колдонууга каршы акцияларга чыгып, айрымдары иш ташташкан. Мындай окуялардан кийин президент Садыр Жапаров 5-декабрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында иштегендер менен жолугушуп, Кыргызстанда базардагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилгенин айтты.

Базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек болчу. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда.

АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Бүгүн, 6-декабрда Бишкекте Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына арналган жыйын өттү. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан иш-чарада жарандардын укуктары канчалык деңгээлде корголуп жатканы жөнүндө маселелер талкууланды.

Белгилей кетсек, Адам укугу жөнүндө жалпы декларация кабыл алынганына быйыл 75 жыл толот. 1948-жылдын 10-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы 30 беренеден турган Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алган. Учурда декларацияга БУУга мүчө 193 өлкө кошулган. Кыргызстан 1994-жылдан тарта кабыл алган.

БАЙСАЛОВ СЫНДАРГА ЖООП БЕРДИ

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн брифинг учурунда Жогорку Кеңеште анын дарегине айтылган сын-пикирлерге жооп берди.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынындагы жоругуна баа берүүнү талап кылган.

Эске салсак, депутат Исатбек кызы менен Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 4-декабрдагы жыйынында дарыгердлердин айлык-акылары тууралуу айтылган сөздөргө байланыштуу талашып-тартыша кетишкен.

Буга чейин Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү токтомун кабыл алган. Ал эми Эдил Байсалов парламенттин 13-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңешке айткан сын-пикири үчүн парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевден жана депутаттардан кечирим сураган. 

58 БАЖЫ КЫЗМАТКЕРИ ИШТЕН АЛЫНДЫ

Мамлекеттик бажы кызматында Матраимов жана уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар 58 кызматкер иштен алынды. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.

Исабеков тиешелүү ыкчам-иликтөө иштери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте жүргөнүн айтты. «Иштен алынган кызматкерлердин арасында төраганын орун басарынан тартып башкы тескөөчү, бөлүм башкы жана башка негизги кызматтарды ээлеген кызматкерлер бар», — деди ал.

Эске салсак, 2021-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген.

Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

Количество просмотров: 330