• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Момбеков кармалды. Жаш кызды зордуктаган зөөкүр изделүүдө

30 Үчтүн айы 2020 20:36 Бишкек Govori.TV

ЖАШ КЫЗДЫ ЗОРДУКТАГАН ЖАРАН ИЗДЕЛҮҮДӨ
Ноокен районунда жашы жете элек кызды зордуктаган кылмышкер изделүүдө.

ТАЛАСТА САНИТАР САБАЛДЫ
Талас облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө санитардык кызматкер сабалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

БЕТКАПТАРДЫН БААСЫ КӨТӨРҮЛДҮ Кытайда тарап жаткан вирус тууралуу маалымат коомчулукка кенен жайылып адамдардын тынчсыздануусун жаратып жаткан чагы. Ал эми Бишкектин дарыканаларында атайы коргонуучу беткаптардын баасы эки эсеге көтөрүлүп ансыз да араң турган калкты дүрбөлөңгө салды.

АБА МАЙДАНДАРЫ ТЫШКЫ БАШКАРУУГА БЕРИЛЕБИ? Кыргызстандын аэропортторун, анын ичинде «Ош» жана «Манас» ири аба майдандарын тышкы башкарууга өткөрүп берүү пландалууда. Бул тууралуу экономика министрлигинин өкүлү Данияр Абдылдаев билдирди. Анын айтымында, долбоор мамлекеттик -жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашат.

ЖЕТЕКЧИ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ
Бишкекте Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун борбордогу аймактык башкармалыгынын директору Болот Момбеков кармалды.

НОВИКОВ АБЫЛГАЗИЕВДИН КЕҢЕШЧИСИ БОЛДУ
Мурдагы экономика министри Артём Новиков премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды.

ҮЧ ЖАҢЫ ПАРТИЯ КАТТАЛДЫ
8-январда Юстиция министрлигинен бир жаңы саясий партия каттоодон өткөн. Бул тууралуу Юридикалык жактарды жана күрөөлөрдү каттоо башкармалыгынын башчысы Эмир Зулпуев Бишкектеги “Кабар” агенттигинде болгон маалымат жыйында билдирди.

Количество просмотров: 16130