• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Нандын кымбатташына депутаттар нааразы. Жол кырсыгы 3 студенттин өмүрүн алды

21 Аяк оона 2023 18:13 Бишкек Govori.TV

НАНДЫН КЫМБАТТАШЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин 21-сентябрдагы жыйынында аткаруу бийлигинин тамак-аш коопсуздугу боюнча кышка даярдыгын угууну сунуштады. Ал базарда ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып, буга өкмөттү айыптады.

Ушул эле жыйында депутат Марлен Маматалиев да баалардын көтөрүлгөнү тууралуу сөз кызып, тийиштүү органдарды көп ойлонбой ишке тез арада өтүүнү айтты.

Белгилей кетсек, 19-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында бир нече депутат базарда нандын, ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып чыккан. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын айткан.

Мындай талкуулардан кийин Бишкек шаарында ун сатуу боюнча атайын жармаңкелер 20-сентябрдан тарта иштей баштады. Монополияны жөнгө салуу кызматы билдиргендей, жармаңкеде 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы 30 сомдон ашпашы керек. Экономика жана коммерция министрлиги бир кап ундун баасын 1500 сом деп бекиткенин кабарлаган.

МАДУМАРОВДУН ИШИ: КОМИССИЯ ТҮЗҮҮ ДЕМИЛГЕСИ ДАГЫ АЙТЫЛДЫ

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун кармалышынын мыйзамдуулугун териштирүү боюнча депутаттык комиссия түзүү маселеси парламенттин бүгүнкү 21-сентябрдагы жалпы отурумунда да көтөрүлдү. Аталган фракциядан депутат Алишер Эрбаев маселени кайрадан добушка коюуну айтты.

Жыйынга төрагалык кылып жаткан вице-спикер Нурлан Сыдыгалиев сунушту маселе кечээ каралганда көтөрүш керек экенин айтып, кийинки жумада киргизе тургандыктарын билдирди.

Эске салсак, кечээ 20-сентябрдагы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун кармалышынын жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлбөй калган. Депутаттык комиссиянын түзүү жана курамын бекитүү боюнча добуш берүүдө катталган депутаттын 40ы “макул”, 11и “каршы” добуш берди. Төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев комиссия түзүү үчүн 46 добуш керек экенин айтып, сунуш өтпөй калганын билдирген.

Адахан Мадумаров 2-сентябрда кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлган. Биринчи май райондук соту саясатчыны 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алган. Шаардык сот райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

ДЕПУТАТТАРДЫН ДИПЛОМ ЧЫРЫ: ШААРДЫК СОТ ЧЕЧИМ ЧЫГАРДЫ

Бишкек шаардык соту Фархат Исмаиловдун мандатына байланыштуу апелляциялык арызды карап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мандатынан ажыратылган дагы бир депутат Фарходбек Алимжановдун арызы Бишкек шаардык сотунда 28-сентябрда каралат.

Борбордук шайлоо комиссиясы эки депутаттын мандатын 6-июлда алган. Алар мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес. Былтыр апрелде Улуттук коопсуздук комитети Исмаилов менен Алимжановдун жогорку билими жөнүндөгү документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген.

Парламенттин сайтындагы маалыматтта Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаганы, Алимжанов Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында окуганы жазылып турат. Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен.

БЫЧАКТАЛГАН КЕЛИНДИН АБАЛЫ АЙТЫЛДЫ

Бишкектин четиндеги Селекция айылында бычакталган келиндин абалы орто оор деп бааланууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Улуттук Госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов билдирди. Анын айтымында, бейтаптын денесинде да башка жаракаттары бар.

Кечээ Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 36 жаштагы келин бычактан алган жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Шектүү катары 39 жаштагы мурдагы жолдошу «Денеге оор залал келтирүү» беренеси боюнча козголгон иштин алкагында камакка алынган. Келиндин кулак-мурду кесилгени маалымдалган.

Белгилей кетсек, бычакталган келин күйөөсү менен ажырашып, андан бери эки ирет анын зомбулугунан улам милицияга кайрылган. Шектүү камакка алынып, кылмыш иши козголуп, сотко жиберилген. Сокулук райондук соту ишти карап, айыпталуучуну пробацияга чыгарган.

ЖОЛ КЫРСЫК: 3 СТУДЕНТ КЫЗ КАЗА БОЛДУ

Ош — Сары-Таш — Иркештам жолунун 20-чакырымында жол кырсыгы катталып, 3 студент кыз каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ 17:00 чамасында катталган. Анда жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа сүзүшкөн.

«Жеңил унаанын ичинде 6 адам болгон. 4 кыз жана 2 өспүрүм. Кырсыктын кесепетинен курсташ кыздар каза болушкан. Тактап айтканда, айдоочу жана унаанын артында отурган 2 кыз жан берген»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 368