• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Нарматованын мыйзамы 1-окууда талкуусуз кабыл алынды. Чек арадагы мушташтын чоо-жайы…

25 Тогуздун айы 2023 18:13 Бишкек Govori.TV

КЫТАЙ ПРЕМЬЕРИНИН ИШ САПАРЫ

Президент Садыр Жапаров Кытай мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цянды кабыл алды.  Кытайдын премьери Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына карата кечээ, 24-октярбда Кыргызстанга расмий сапар менен келген.

Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты талкуулашты. Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн алакасы артып баратканын белгилеп, саясий ишенимдин жогорулоосу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө болорун айтып өттү.

Андан тышкары «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу, транспорттук-логистика долбоорлору, энергетика жаатында кызматташуу, инвестиция маселелери сүйлөшүлдү.

Кошумчалай кетсек, Ли Цяндын Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында 12 макулдашууга, документке кол коюлду.

ТУУНУ ӨЗГӨРТҮҮ СУНУШУ

Депутат Мирлан Самыйкожо мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушун сынга алды. Анын айтымында, желекти өзгөртүүдөн башка да маселелер көп ошондой эле коомчулукта, социалдык тармактарда дээрлик көпчүлүгү буга каршы болуп жатат.

Кесиптешине төрага Нурланбек Шакиев жооп берип, туунун авторлору менен жолукканын айтып, авторлор өзүлөрү баштапкы варианты өзгөрүп кеткенин билдиришкенин айтты.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин сайтына мамлекеттик символдор жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлган. Анын авторлору – парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов. Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртууга багытталып жатат. Алардын пикиринде, азыр туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү “күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен диллеманы пайда кылууда”.

“Ошондуктан күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат” деп белгилешти авторлор. Бул демилге коомчулукта ача-пикир жаратты.

ДЕПУТАТТАР НАРМАТОВАНЫН МЫЙЗАМЫН 1-ОКУУДА КОЛДОДУ

Депутаттар бүгүн «Чет элдик өкүл жөнүндөгү» мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда талкуусуз кабыл алды. Муну «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова сынга алып, парламенттин регламенти сакталбай калганын эскертти.

Ал эми төрага Нурланбек Шакиев аталган мыйзам долбоорун колдой турганын айтты.

Дагы бир депутат Чыңгыз Ажибаев сунушталып жаткан мыйзам боюнча өз пикирин билдирип, жаза чарасын карап чыгуу керектигин белгиледи.

Бул арада Кыргызстандын медиа жана жарандык коом өкүлдөрү АКШнын, Швейцариянын, Улуу Британиянын жана Европа өлкөлөрүнүн элчиликтерине кайрылып, «чет элдик өкүл» мыйзамын колдогон депутаттарды жана алардын жакындарын виза жагынан чектөөгө чакырышты.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тарткан.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

ЧЕК АРА БЕКЕТИНДЕГИ ЖАҢЖАЛДЫН ЧОО-ЖАЙЫ

Улуттук коопсуздук комитети Жалал-Абад облусундагы Сузак районундагы, кыргыз-өзбек чек арасындагы «Бек-Абад» өткөрмө бекетинин жанында кармоо учурунда каршылык көрсөткөндөр кармалганын билдирди. Маалыматта айтылгандай, 23-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу «Бек-Абад» текшерип өткөрүү пунктунун жанында мыйзамсыз акча алмаштыруу менен алектенген адамдар тобунун ортосунда массалык мушташ болгон.

«Ошол эле учурда конфликтте улуттар аралык мүнөздөгү белгилер болгон. Окуя болгон жерге УКМКнын кызматкерлери келип видеого тартып алышкан, бирок жаңжалдын айрым катышуучулары агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүп, чагымчыл аракеттерге барып, чек арачыларды коркутуп-үркүтүшкөн. УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгы улуттар аралык чыр-чатактын чыгышына жол бербөө жана аны уюштуруучулардын кылмыштуу аракеттерин документтештирүү максатында алардын тергөө органына келишин камсыз кылуу чаралары көрүлгөн. Бирок, чырга катышкан жаран тергөө органына келүүдөн баш тарткан. Кийинки күнү 24-октябрда аны алып келүү учурунда анын үй-бүлө мүчөлөрү активдүү каршылык көрсөтүшүп, УКМКнын кызматкерлеринин денесине залал келтиришип, шектүүнү алып кетүүгө аракет кылышып, кызматтык унааларга таш ыргытышкан», — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси «Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү» боюнча эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 318