• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ош мэри кызматтан кетеби? Аткезчилик менен ташылып бараткан алтын куймалары кармалды

14 Жетинин айы 2023 18:28 Бишкек Govori.TV

“MANAS TOWER 45” КОМПЛЕКСИ КУРУЛАТ

Президент Садыр Жапаров 14-ноябрда Бишкекте көп функциялуу “Manas Tower 45” комплексинин курулушунун пайдубалына мезгил кутусун салды.
Президенттин басма сөз кызматы мындай көп кабаттуу комплекс өлкө тарыхында биринчи курулуп жатканын, аны президенттин иш башкармалыгы жана чет элдик инвесторлор саларын билдирди. Курулушу 2,5-3 жылда бүтөрү пландалып жаткан комплекске чет элдик кайсы инвесторлор тартылганы ачык айтылган жок.
Долбоор боюнча комплекс 45 кабаттан туруп, анын ичинде беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар залы, ресторандар, гипермаркет, 20 миңден ашуун соода аянттары жана жер алдында 600 жеңил машинага ылайыкташкан автотоктотмо болот.
Садыр Жапаров долбоорго ылайык имараттын эң үстүндө тик учак коно турган жана панорама аянтчасы болорун айтты.

ОШ МЭРИНЕ ИШЕНБӨӨЧҮЛҮК КӨРСӨТҮЛДҮ

Ош шаардык кеңеши мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алды.
Бүгүн, 14-ноябрдагы сессиясында депутаттар жашыруун добуш берип, 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдосо, 3 депутат каршы болгон. Маалыматка ылайык, депутаттар шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатканын жүйө келтиришкен.
Ал эми Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов ага ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча Ош шаардык кеңешинин чечими тууралуу комментарий берип, депутаттардын “шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатат” деген дооматын четке кагып, токтомдордун 95% аткарылганын айтты.
Эске салсак, ЖКнын мурунку депутаты Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп бир жыл мурда дайындалган. Ал 2021-жылы ноябрда «Бийликти күч менен басып алууга даярдануу» деген айыптын негизинде кармалып, бир айдан кийин бошотулган. Аны жоопко тартууга парламент макулдугун берген эмес.

МИГРАНТТАР КАЙТЫП КЕЛСЕ ЖУМУШ БАРБЫ?

Учурда Кыргызстанда 60 миң иш орду бар, чет жактан кайтып келип жумуш караштырып жаткан мигранттар ишке орношо алат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 14-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан «Мекендештер -2023» форумунда билдирди.
Министр Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу келерки жылы башталарын, долбоор боюнча 10 миңден 30 миңге чейин жумуш оруну түзүлөрүн, Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна да жумушчулар керек экенин айтты.

Кулубаев ошол эле учурда кыргызстандык мигранттар Түштүк Корея, Жапония, Германия жана бир катар Европа өлкөлөрүнө жумушка жөнөтүлүп жатканын айтты.

Тышкы иштер министри чет жактарда жашап-иштеп жүргөн мекендештердин алдында кыргыз тилин сактап калуу маселеси турганын белгиледи. Ал бул жаатта диаспоралары көп аймактарда өз алдынча уюшуп, тил борборлорун ачып жатканын кошумчалады.
Эске салсак, бүгүн, 14-ноябрда Бишкекте чет жакта жашаган кыргызстандыктардын алтынчы «Мекендештер-2023» форуму өтүп, ага бийлик өкүлдөрү, чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын диаспора, уюмдарынын өкүлдөрү, ишкерлер катышты.

КОНТРАБАНДАЛЫК АЛТЫН КУЙМАЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

Контрабандалык 999,9 үлгүдөгү алтын эритмесинин 51кг 866 грамм салмактагы алтын куймалары кармалды.
УКМКнын маалыматы боюнча, “Манас” эл аралык аэропорту аркылуу алтын куймаларын системалуу түрдө контрабандалык жол менен алып өтүү фактылары боюнча маалымат алынган.
Алынган маалыматтарга ылайык, чет элдик жеке ишкерлер материалдык байлыктарды мыйзамсыз алуу, алтын куймаларын кайра сатуу максатында контрабандалык жол менен алып өтүү боюнча туруктуу канал уюштурушкан. Тактап айтканда, УКМК тарабынан “Манас” бажысы менен биргеликте 999,9 үлгүдөгү алтын эритмесинин 51 кг 866 грамм салмактагы алтын куймалары кармалды, — деп жазылат маалыматта.
Жогорудагы фактынын негизинде чет мамлекеттин 1 жараны кармалды.

УКМК ГАББАЗОВ БОЮНЧА БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет эл аралык издөө жарыяланган ишкер Анвар Габбазовдун Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунун (ЦУМ) ээси экендигин тастыктаган маалымат таратты.
УКМК айрым маалымат каражаттары «Габбазов ЦУМдун ээси эмес» деп жазганына жооп кылып, бир катар далилдерди келтирген. Ага ылайык, “Айчүрөк” ачык акционердик коомунун (ААК) негиздөөчүлөрү — “ЦУМ Холдинг” ААКсы (44% үлүш) жана “Башкы Универсал Дүкөн” ААК (47% үлүш), уставдык капиталдын 8% үлүшү жеке адамдарга таандык.
“Ошол эле учурда ЦУМдагы соода жайларын жана кызматтык жайларды ижарага берген атайын компания “Сити Центр” ишканасынын жалгыз негиздөөчүсү Анвар Габбазовдун эжеси Хадия Маметова болуп саналат. Ал эми “Башкы Универсал Дүкөн” ишканасынын жалгыз негиздөөчүсү — Габбазовдун апасы Анашхан Маметова. “Башкы Универсал Дүкөн” ишканасынын директору Нурмамет Мухтаров Анвар Габбазовдун бир тууганы Ришат Габбазов менен чогуу катталган үйдө каттоодо турат, — деп жазылат маалыматта.
УКМК ишкер Анвар Габбазов Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен шектелип, сыртынан айып тагылып, эл аралык издөөгө алынганын 13-ноябрда билдирген. Атайын кызмат Анвар Габбазов маркум Камчы Көлбаевдин (Асанбектин) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу менен алектенгенин кабарлаган.
УКМКнын маалыматында, Анвар Габбазов жана Камчы Көлбаевдин ортосундагы финансылык иштер жана кызматташуу фактылары такталган.

Количество просмотров: 143