• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Парламенттеги «Кемпир-Абад» талкуусу мушташ, сөгүш, күлкү менен коштолду

17 Жетинин айы 2022 20:08 Бишкек Govori.TV

ЖК “КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК” КЕЛИШИМИН ЖАКТЫРДЫ

Бүгүн, 17-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп, анда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасына байланыштуу маселе каралды. Жыйын президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өттү. Жапаров эл өкүлдөрүн мамлекеттин тагдырын чечүүчү келишимдерди ратификациялоодо популисттик кадамдардан алыс болууга үндөп, жеке таарынычтарды четте калтырууну айтты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана президент Садыр Жапаровдун сөзүнөн соң эл өкүлдөрү суроо-жоопко өтүштү. Жыйында сөз алган депутаттар коомчулукта айтылып жаткан маселелерди айтып, бийлик өкүлдөрүнөн так жооп талап кылышты. Ал арада Камчыбек Ташиев айрым маалымат булактарында жана коомчулукта айтылып жаткан Орто-Токой суу сактагычы, Чечмедеги булактын берилгендиги тууралуу кептерди негизсиз деп атады. Ташиевдин айтымында Орто-Токой дагы, чечмедеги булак дагы Кыргызстандын толук карамагында. Ал эми депутат Надира Нарматова аталган келишимди ратификациядан өткөрүп берүүнү туура көрөөрүн билдирип, чек-ара чечилмейин өлкөдө өнүгүү болбой турганын айтты.
Талкуу учурунда сын пикирин айткан депутаттарга Камчыбек Ташиев сын маанайда жооп берип, айрыдарын зекип да жатты.

Депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМКнын төрагасынын ортосунда пикир келишпестик жаралып, кайым-айтыш чыкты. Бири-биринин дарегине сын айтуу учурунда Ташиев эл өкүлүнүн дарегине карата агресивдүү жооп берди.

Жыйын учурунда пикир келишпестик депутаттар ортосунда да орун алды. Депутаттар Өмүрбек Бакиров менен Фархад Исмаиловдун ортосунда мушташуу орун ала жаздады. Эл өкүлдөрүн кесиптештери арачалап калды.

Жыйынтыгында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасынын айрым тилкелерин тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өттү. Мыйзам долбооруна 65 депутат макул 18 депутат каршы добуш берди. Белгилей кетсек, мызам долбоорлору бүгүн 3 окууда тең бирдей кабыл алынды. Ал эми Мадумаров бул боюнча сын пикирин айтты.
Эске салсак, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасын, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун карап, жактырган. Бирок тармактык комитеттин чечиминин легитимсиз болгонун бир топ депутаттар айтып чыгышты. Регламентке ылайык, мыйзам долбоорду добушка коердун жана чечим кабыл алардын алдында депутаттарды тактоо зарыл. Көпчүлүктү түзүш үчүн эң аз 8 депутат каттоодон өтүшү керек. Бирок чечим кабыл алууда 7 депутат гана катышкан.

ТӨРТ-КӨЧӨДӨН ҮЙЛӨР КӨЧҮРҮЛӨТ

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында Төрт-Көчө тилкесине статус-кво берилип жатканын билдирди. Депутат Адахан Мадумаровго жооп берип жатып Жапаров сүйлөшүүлдөрдүн алкагында ал аймактан Тажикстандан 20га жакын, Кыргызстан тараптан үч-төрт турак жай алынарын кошумчалады. Жапаров кошумчалагандай, Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасын тактоо боюнча документтери өлкө парламентинин кароосуна жыл соңуна чейин сунуш кылынат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери 2022-жылдын апрель айында ырасташкан. Чек ара толук тактала элек болгондуктан ортодо түрдүү кагылыштар токтобой келет. Алардын соңкусу быйыл 16-17-сентябрда катталды. Кан төгүлгөн бул окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атаган. Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 63 жаранынан айрылды. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

ЖАПЫРТ КАМАЛГАНДАР

17-ноябрда Бишкек шаардык соту жарандык активист Илгиз Сарылдык уулу менен «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөсү Мамбетжунус Абыловду камакта калтырды.
Шаменов Москвадан Бишкекке 28-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматова менен чогуу жеткирилген. Илгиз Сарылдык уулу “Социал-демократтар” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Балык чарба боюнча ишкердик менен алектенип, Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы кыймылга кошулуп, активдүүлүгүн көрсөтүп жүрөт.

Ал эми Абылов 27-октябрда кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген негизде бир нече саясатчы жана активисттерди кармап, үйлөрүн тинткен. Анын алкагында Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” дээрлик бардык мүчөлөрү — 30га жакын саясатчы, активисттер “массалык башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакта отурат. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

ТЕМИРОВДУН ИШИ

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши Бишкек шаардык сотто каралчу иши 23-ноябрга жылды. Мындай чечим бүгүнкү 17-ноябрдагы отурумда кабыл алынды, себеби түшүндүрүлгөн жок.
28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда судья Акылбек Адимов Темировго маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечимин чыгарган. Судья Темировго тергөөчүлөр койгон айыптарга далил көрө албаганын белгилеген. Ал эми документ жасалмалоо деген берене боюнча айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы чегерилбей турганын билдирген.
Ага чейинки отурумда мамлекеттик айыптоо сотко Темировду беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоону сунуш кылган. Прокурор Мээрим Алиева Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу да маселе көтөргөн.

Прокуратурадан райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко арыз жөнөтүлгөнү ушул айдын башында белгилүү болгон. Темиров прокуратура «журналист 2010-жылдын 26-октябрында Кыргызстандын жаранынын мыйзамсыз алынган паспортун көрсөткөн, анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда баңгизат табылган» деген жүйө келтирип жатканын билдирген. Темиров айыптоо менен макул эмес.

Темировду быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

Количество просмотров: 754