• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Пикетке чыккан жаран кармалды. Президент Түркиянын элчилигине барып көңүл айтты

9 Бирдин айы 2023 18:27 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ ЭЛЧИЛИККЕ БАРЫП КӨҢҮЛ АЙТТЫ

Президент Садыр Жапаров 9-февралда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинде көңүл айтуу китебине жазуу калтырды. Ал Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан боордош түрк элине көңүл айтып, колдоосун билдирди. Түркия менен Сириядагы катуу зилзаладан каза болгондор акыркы маалыматтар боюнча жалпысынан 15 миңден ашты. Анын 12,5 миңдейи Түркияда.

БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ

Президент Садыр Жапаров «Коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө тескемеге кол койду. Жумушчу топ 2023-жылдын 1-июнуна чейин мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышы керек. Жумушчу топту Президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы жумушчу Мурат Укушов жетектейт. Анын курамына журналисттер, укук коргоочулар, эксперттер, жарандык коомдун өкүлдөрү кирди.
Өткөн жылдын аягында укук коргоочулар, бейөкмөт уюм, жарандык коомдун 40ка жакын өкүлү президент, Жогорку Кеңеш, Министрлер кабинети, Акыйкатчы институтуна кайрылып, бейөкмөт уюмдар жөнүнда сунушталып жаткан мыйзам долбоорлоруна тынчсыздануу билдирген. Кайрылууда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү демилгеси бейөкмөт уюмдардын ишин чектей турганы, демократияга каршы келери жазылган.
Ошол эле учурда депутат Надира Нарматова өзү сунуштаган долбоор аркылуу «бейөкмөт уюмдардын ишин көзөмөлдөө керектигин» айтып келет.

ТОПОГРАФИЯЛЫК ТОПТОРДУН ЖОЛУГУШУУСУ

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтордун иши уланууда. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, тараптардын дипломатиялык каналдар боюнча жетишилген макулдашууларына ылайык, Бишкек шаарында 3-9-февраль аралыгында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлду.
Жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу Тажикстан Республикасынын аймагында пландалууда.

САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН ЖЫЙЫНЫ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын жыйынына катышып, мекеменин ишине оң баа берди. Ал былтыр салык чогултуу жакшырган үчүн жөлөкпулдар жана эмгек акыны жогорулатууга мүмкүн болгонун айтты. Ошол эле учурда Жапаров Мамлекеттик бажы кызматынын коллегиялык жыйынында начар иштеген кызматкерлерди жумуштан алына турганын эскертти. Мындан тышкары кошумчалангандай, 2022-жылдын ичинде контролдук-кассалык машиналарды колдонгон ишкерлердин саны дээрлик үч эсе көбөйгөн. Учурда 65 миңден ашык ишкер субъектилери ККМ колдонот.

«АЗАТТЫКТЫН» ИШИ: ОТУРУМ ЖЫЛДЫ

Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык Медиа» мекемесинин ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арызы каралып, 20-февралга чейин тыныгуу жарыяланды. Доогер тарап соттук отурумга келген жок. Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы — “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга негиздеп жатат. 23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылган.
Медиа эксперт Руслан Акматбек акыркы учурда ЖМКлар чектөөгө, кысымга кабылып жатканы боюнча төмөндөгүдөй пикирин билдирди.

ПИКЕТКЕ ЧЫККАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында акция өткөрүү үчүн чыккан жаранды милиция кармап кетти. Маалыматка караганда, жаран дөңгөлөктүн тышын өрттөөгө аракет кылган.
Ал “Мен Владимир Владимирович Путинге жети жолу жаздым, жооп берген жок. Видео кайрылуу да жөнөттүм, жооп болгон жок” деп гана айтууга үлгүргөн. Ал эми милициянын маалыматы боюнча бүгүн, 9-февраль саат 11:20 чамасында “102” кызматына Орусия Федерациясынын элчилигинин жанында белгисиз адам нааразычылык көрсөтүү иретинде унаанын дөңгөлөгүн өрттөп жибергендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу анын өздүгүн такташып, ал жаран 1961-жылы туулган Б.У болуп чыкты. Учурда ал бардык жагдайларды тактоо үчүн тергөө кызматына жеткирилди, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат бериле турганы кошумчаланды. Бул факт Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Количество просмотров: 157