• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Президент болом дегендер кимдер? Батукаевдин бошотулушунун сыры ачыла баштады

16 Жетинин айы 2020 18:18 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕР

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз тапшырган талапкерлердин тизмесин жарыялады. Ага ылайык, алгач өлкө башчылыкка 65 киши аттанган, бирок эки талапкер — политолог Бакыт Бакетаев жана Жыпаркул Тургуналиев — документтерини кайрадан чакыртып алышты. Өзүн кудаймын деп жар салгандардан баштап абакта олтуруп чаккандар, мурдагы депутаттар, пенсионерлер, коомдук ишмерлер, жумушсуздар а түгүл куудул жана акындар камтылган талапкерлердин тизмеси айтылгандан бери соцтармак колдонуучуларынын талкуусуна жем таштады.

COVID БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

16-ноябрга карата коронавирус илдетинен төрт киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, экөө Талас облусунун тургуну болчу. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1203 адамга жетти. Соңку суткада вирус дагы 479 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында. Ошентип, оору жуккандардын жалпы саны 66 983 кишиге жетти.

ӨЗБЕКСТАНДАН ГУМЖАРДАМ КЕЛДИ

Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Бишкекке Ташкенттен кезектеги гуманитардык жүк келди. Гуманитардык жүктү кабыл алуу аземине вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов катышты.

КЫЛМЫШТУУ КИРЕШЕЛЕРДИ ЛЕГАЛДАШТЫРУУ ФАКТЫСЫ АЧЫКТАЛДЫ

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) өзгөчө ири өлчөмдөгү кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысын аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Финансы полициясы чет мамлекеттердин аймагына товарларга төлөм деп жамынып алып, 23 миллион АКШ доллар (1 миллиард 633 563 970 сом) өлчөмүндө акча каражаттарын өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз чыгарып кеткен кылмыштуу топтун ишин аныктап, алардын ишине бөгөт койгон.

АТАМБАЕВДИН ТАРАПТАШТАРЫ МИТИНГГЕ ЧЫКТЫ

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары митинг өткөрдү. Алар Жогорку Соттун имаратынын алдына чогулуп, Атамбаевди бошотууну талап кылышты. Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин айтымында, кримтөбөл Азиз Батукаев абактан мыйзамдуу бошотулган.

Количество просмотров: 674