• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Президент Мадумаровго жооп берди. Жээнбековду сотко күч менен алып келишти

2 Жетинин айы 2022 18:03 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ МАДУМАРОВГО ЖООП БЕРДИ

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу тууралуу пикирин билдирди. Ал мамлекеттик «Кабар» маалымат агенттигине маек куруп, кош башкарууда «кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөй турганын» белгилеген.

«Мадумаров өмүр бою парламенттен чыкпай отура берип, теоретик болуп калган. Практикалык иш жасап көргөн эмес. Ошон үчүн практика жүзүндө кандай иштер болуп каларын билбейт. Бул жердеги форс-мажор деген сөз боюнча, өткөндө – ушул жылдын жай айында нөшөрлөп жааган жамгырда Сузак районунда канча деген биздин айылдарыбызды сел алып кетти. Ошол күнү биз өзбек тарапка чыгып, сууну жаба тургула деп жаптырдык. Албетте, сууну жапканда горизонт бир аз көтөрүлөт. Ашып кетсе 20-30 см. көтөрүлөт. Эгер жаппаганда андан да көп айылдарыбызды сел агызып кетет эле», — деген Жапаров.

Ошону менен катар Жапаров «сууну кыргыз тарап тазалайт» деген пикирлерди четке какты.
Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырган. Долбоорго каршы пикирин айтып келген депутат Адахан Мадумаров макулдашуунун долбоорунда Кыргызстанга Өзбекстан тараптан бир топ татаал шарттар коюлганын айткан. Комитет 10-октябрда кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган.

ЖАПЫРТ КАМООЛОР

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 2-ноябрда Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароону улантууда. Анда саясатчы Равшан Жээнбеков жараянга өзүн ооруп жатканына карабай, күч менен алып келишкенин билдирди. Буга байланыштуу Акыйкатчы институтуна, Кыйноолорду алдын алуу борборуна жана эл аралык уюмдарга кайрылды. Жээнбеков бийликти басып алууга даярданган деген шек менен 20дай саясатчы, активисттер менен бирге 23-октябрда кармалып, эки айга камалган.

Бул арада эл өкүлү Жанар Акаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандар тууралуу маселени бүгүн парламентте көтөрдү. Ал өзү баштаган төрт депутат жана акыйкатчы ушул тушта №1 тергөө абагында отургандардан кабар алып чыгышканын айтты.

Кыргызстанда «массалык башаламандык уюштурууга даярданды «деген шек менен камакка алынгандардын жалпы саны 26га жетти. 28-октябрда Орусияда жүргөн активисттер Орозайым Нарматова менен Илгиз Шаменов Бишкекке алып келип камакка алынган. Акыйкатчы институту жапырт кармоолор учурундагы мыйзам бузуулар боюнча Башкы прокуратурага кайрылган эле.

ЖУРНАЛИСТТИН КАРМАЛЫШЫ

Ички иштер министрлиги журналист Семетей Талас уулунун кармалышына байланыштуу комментарий берди. Милиция тараткан маалыматка ылайык, журналистке буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (эстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон. Бул факт Улуттук коопсуздук комитетинде катталган.
«Комплекстүү соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Анда социалдык тармактын колдонуучусунун билдирүүсүндө Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмуна таандык маалымат камтылган» деген кортунду чыгарылган. Семетей Талас уулу Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына киргизилди, ишти иликтөө уланууда», — деп жазылат билдирүүдө. Семетей Талас уулу милиция кызматкерлери тарабынан кармалгалып, Тергөө башкармалыгына алынып келингенин өзү соцтармактагы баракчасы аркылуу кабарлаган. Андан соң ал 48 саатка камалган. Эске салсак, 18-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алып, өзүн кармап кетишкен. Кийин УКМКга күбө катары алып барылганы, ага экстремизмдин элементтери бар билдирүүнү социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөнү себеп болгону айтылган. Журналист Кылмыш-жаза кодексинин «Экстремисттик материалдарды таратуу» деген берененин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берген.

МИЛИЦИЯ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн 2 кызматкери пара менен кармалды. УКМКнын маалымат кызматы кабарлагандай, 1-ноябрга караган түнү ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте кылмыш ишти оң жака чечип берем деп 120 миң сом талап кылган Кара-Кулжа РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери А.у.А. жана А.Ж.А аттуу кызматкерлер 50 миң сом өлчөмүндө пара алууга шектелип кармалды.
Азыркы учурда, кармалгандар УКМКнын Ош шаардык жана Ош областтык башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.

ЫШ МАСЕЛЕСИ КАЧАН ЧЕЧИЛЕТ?

Бишкекте абанын булгануусу, кара түтүндүн каптоосу негизги көйгөйгө айланат. Бүгүн Бишкекте активисттер, экологдор, адистер ыш маселеси жана анын чечүү жолдорун алдын ала талкуулашты. Алар баш калаада абанын булганышы өтө кооптуу чекке жеткенин белгилешип, бир нече себептерин аташты.

Количество просмотров: 2359