• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Президент прокурорлордун чуулгандуу кенемтесин азайтты. Чек арада атылган октун чоо- жайы…

24 Теке 2023 18:15 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВДУН ЖАҢЫ МАЕГИ

Президент Садыр Жапаров 24-июлда «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде кыргыз тили боюнча кабыл алынган жаңы мыйзам боюнча Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айткан пикирине комментарий берди. Мамлекет башчы «Кабар» агенттигиндеги маегинде мыйзамда «орус тили дискриминация болсун» деген түшүнүк жоктугун белгиледи. Жапаров ошондой эле мурдагы экология министри Динара Кутманованын айланасындагы соңку жагдайлар тууралуу суроого жооп берип, экс-министрдин уулу Стамбулда уурдалган деген билдирүүнү четке какты.

ЧЕК АРАДА АБАЛ ТЫНЧ

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында ок атылышы боюнча соцтармакка тараган видеого комментарий берди. Маалыматка караганда, 23-июль күнү «Плотина» чек ара постунда (Тажикстандын аймагы) эки ирет ок атылган. Ошол эле күнү эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөргөн. Тажик тарап кызмат өтөп жаткан жоокер куралды оксуздандыруу учурунда кокустан ок чыгарып алганын билдиришкен. Жаракат алгандар болгон эмес.
«Чек ара заставасынын башчысы жолугушуу бүтөрү менен кокусунан чыгарылган ок тууралуу видеотасма тарткан Кыргызстандын жараны менен маектешип, ага чыныгы жагдайды түшүндүрүп берген. Бирок буга карабастан ал видеону социалдык медиага чыгарып салган», — деп айтылат маалыматта.

ПРОКУРОРГО БЕРИЛЧҮ КЕНЕМТЕ АЗАЙДЫ

Президент Садыр Жапаров 24-июлда «Прокуратура жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу документке кол койду. Ага ылайык, прокуратура кызматкерлери иш милдеттерин аткарып жүрүп каза тапкан же майып болгон учурда алардын үй-бүлөсүнө бериле турган кенемтенин көлөмү азайтылды. Мурдагы мыйзамдагы «20 жылдык эмгек акысын кенемте катары берүү» жобосу «20 айлык эмгек акысын берүү» деп өзгөртүлдү. Прокурор жана тергөөчү кызматтык милдеттерин аткарып жатканда майыптык алып калса, бир жолку камсыздандыруу суммасы төлөнөт.
Эске салсак, май айында Чаткал районунун каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө 21,7 миллион сом төлөнөрү Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болгон. Бул коомчулукта талкуу жараткан.

ЖОЛ КЫРСЫК: АДАМ ӨМҮРҮ КЫЙЫЛДЫ

Бишкектеги Ак-Ордо-3 конушундагы жол кырсыктан жабыркап, реанимацияда жаткан бир жаран каза болду. Бул тууралуу аталган конуштун квартал башчысы Мирбек Осмонов 24-июлда Фейсбук баракчасына жазды. «Ак-Ордо-3 конушта үрөй учурган жол кырсыгы болуп, анда 34 жаштагы келин каза болгон. Түндө дагы бир эже каза болду, ал оор абалда жаткан эле, анын өмүрүн эч ким сактай алган жок! Каза болгон адамдардын жакындарына терең кайрылуу менен көңүл айтабыз. Жашоочулар ооруп жаткан адамдарга акча чогултуп баштаган, жалпы 205 миң сом чогулуп, жабыркагандарга бөлүнүп берилди! Ошондой эле каза болгон адамдардын жакындарына дагы чогулган акчадан бөлүнөт»,-деп жазды Осмонов. Эске салсак, 19-июлда Ак-Ордодо жол кырсык болуп, №169 кичи автобусту жүк ташуучу унаа келип сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен жеринде бир киши каза болгон. Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, 23 адам жараат алган. Алардын 12си ооруканга жеткирилип, төрт жүргүнчү реанимацияга түшкөн. Ооруканананын жандандыруу бөлүмүндөгү бир бейтаптын өтө оор, калган экөөнүкү оор болгонун, дагы бир адам реанимациядан жалпы бөлүмгө которулганын кабарлаган.

ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, Транспорт жана жолдор министрлигинин Нарын райондук автомобиль, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын Ат-Башы райондук салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан Кытайдан жүк ташууга адистешкен оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз акча талап кылуу фактылары аныкталды. Иштин жагдайларын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө, ошондой эле бул фактыга башка адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо максатында тиешелүү тергөө-ыкчам чаралары көрүлүүдө.

Количество просмотров: 153