• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Күндүн ыргагы: Президентке жолугуу үчүн кезек күткөн эл. Аэропорттор ижарага берилеби?

4 Тогуздун айы 2022 18:01 Бишкек Govori.TV

ӨРТ МИНИСТР АЛМАШТЫ

Кыргызстанда төрт министр кызматтан бошотулду. Президенттин жарлыгына ылайык, Тилек Текебаев — транспорт жана коммуникациялар министринин, Алтынбек Максүтов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин, Уланбек Мамбетакунов — билим берүү жана илим министринин, Таалайбек Ибраев — энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Алардын талапкерлиги бүгүн Жогорку Кеңештин комитет жыйынында колдоо тапты.

КЕМПИР-АБАД МАСЕЛЕСИ

Өзгөндө Кемпир-Абадга байланыштуу нааразылык акциялары өтүп жатат. «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында суу сактагычка байланыштуу маселени көтөргөн. Анда ал эл арасында Кемпир-Абадка байланыштуу түрдүү суроолор жаралып жатканына токтолгон болчу.

Бүгүн, 4-октябрда Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районуна иш сапары менен барып, райондук администрациясынын жыйындар залында Кемпир-Абад маселесине байланыштуу  чогулуш өткөрдү. Ал арада жыйынга келген элдин бир тобу кирип, калганы сыртта калганы тууралуу маалыматтар тарады. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Өзгөндөгү жолугушуу тууралуу дооматтарды четке кагып,бардык каалоочулар этап-этабы менен жыйындар залына киргизилип жатканын билдирди. Президент Жапаров менен бирге жыйынга башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана депутаттар Адахан Мадумаров, Улукбек Ормонов, Элмурза Сатыбалдиевдер катышты.

Былтыр мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан. Ташиев эки өлкө анда Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасын Өзбекстандын территориясы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген. Бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн. Ошол эле жылдын апрель айында Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын билдирген.

БАТКЕНГЕ ЖАРДАМ

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык Баткенге жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайы  эсепке 311 млн 927 миң 920 сом түштү. Белгилей кетсек, атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, талкаланган инфраструктураны калыбына келтирүүгө көмөк катары ачылган. Ага каалаган жарандар жана өнөктөштөр каражат которо алат.

Ал эми Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн АКШ долларын бөлө турганы белгилүү болду. Жогорку Кеңештин депутаттарынын Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия чөлкөмү боюнча вице-президенти менен болгон жолугушуусунда тараптар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, андан тышкары, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кайгылуу окуяны талкуулашты.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 640 турак жай зыян тарткан. Ошондой эле административдик, стратегиялык объектилер, мектеп-бала бакчалар зыян тарткан.

АБА МАЙДАНДАР ИЖАРАГА БЕРИЛГЕН ЖОК

«Манас» жана «Ош» аба майдандары ижарага берилген жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.

Депутат Тазабек Икрамов жыйында аэропортторду 49 жылга ижарага берилгени тууралуу кептерди тактоону сураган. Бакиров аэропорттор ижарага берилбей турганын, мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдын негизинде сунуштар караларын  билдирген.

Эске салсак, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эки аба майданды түркиялык компанияга сырткы башкарууга берүүнү көздөп жатканын билдирген. Парламенттин айрым депутаттары стратегиялык объектилер жең ичинен белгисиз компанияга сырткы башкарууга берилип жатат деп сындап чыгышкан. Көп өтпөй кыргыз өкмөтү түркиялык компания менен келишим түзүүдөн баш тарткан жана Акылбек Жапаров мындай чечимге Кыргызстандын кызыкчылыгы толук камтыбаганы себеп болгонун билдирген. «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт.

ПАРА АЛУУГА ШЕКТЕЛГЕН МАМКЫЗМАТКЕРЛЕР

Каржы министрлигинин ички аудит кызматынын төрагасы 150 миң сом пара алып кармалды. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Каржы министрлигинин ички аудит кызматынын төрагасы кызмат абалынан пайдалануу менен жеке кызыкчылыктарын жогору коюп кол алдында иштеп жаткан бөлүм башчы аркылуу аудитор кызматына жумушка алуу үчүн 150 миң сом талап кылып алып, ал акча каражатын жеке максаттарына жумшаган. “Опузалап пара алуу” фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, 1966-жылы туулган Каржы министрлигинин ички аудит кызматынын төрагасы кармалып Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Ал эми Сокулук районунун мамлекеттик архитектура башкармалыгынын кызматкери 80 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. ИИМ кабарлагандай, Сокулук райондук мамлекеттик архитектура бөлүмүнүн кызматкери Военно-Антоновка айылындагы жаңы үйдүн курулушуна байланыштуу жана чийме эсептөөлөрдү камтыган архитектуралык долбоорду тез арада аяктап беремин деп 150 миң сом акча талап кылып жаткандыгы жана ага чара көрүп берүү боюнча арыз келип түшкөн.

Аталган арыздын негизинде иш козголуп териштирүү башталган. Натыйжада 80 миң сом пара алып жаткан жеринен Сокулук райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетектөөчү адиси 1986-жылы туулган жаран кармалды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилсе, каражат далил катары алынды.

Учурда эки иш боюнча тең тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 455