• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Президенттик шайлоого даярдык кызыды. Атамбаев абактан тарапташтарын бошотуп, өзүн калтырууну өтүндү

11 Жетинин айы 2020 18:37 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке аттанган талапкерлердин документтерин 14-ноябрга чейин кабыл алат. Ал арада 12 талапкер Боршайкомго президенттик шайлоого катыша турганын билдирди.

СООРОНКУЛОВА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТЫШАТ

  Клара Сооронкулова 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоодо талапкер болот. Ал БШКга арыз менен кайрылганын бүгүн, 11-ноябрда социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу билдирди.

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 11-ноябрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы үч кишинин өмүрүн алды. Бир күндө дагы 400 кишиден жаңы аныкталды.

БИШКЕКТЕ 4 МИТИНГ ӨТТҮ

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте “Кыргыз почтасынын” кызматкерлери нааразылык акциясына чыгышты. Акциянын катышуучулары коронавирус пандемиясынан кийин ай сайын төлөнүүчү сый акыны алып салышканын, айлык маяна 5-7 миң сомдун тегерегинде экенин билдирип, бул акчага азыркы шартта жашоо дээрлик мүмкүн эместигин айтышууда.

АТАМБАЕВ СОТКО АЛЫНЫП КЕЛИНДИ

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун чечими менен Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү 2021-жылдын 11-январына жылдырылды. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасына жазды.

ИИМ КЫЗМАТКЕРИ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

Пара талап кылуу фактысы боюнча ИИМдин кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Количество просмотров: 187