• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Күндүн ыргагы: Президенттин тууганы камактан чыкты. Көлбаевдин асыл тукум жылкылары аукционго коюлат

26 Тогуздун айы 2023 19:26 Бишкек Govori.TV

ТАШИЕВ МЕНЕН ЖАПАРОВ ЖОЛДОРДУ ТЕКШЕРДИ

Жалал-Абад шаарында бүгүн, 26-октябрда, Аюб-Тоо тоосунун этегинде шаар күнүнө карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун көтөрүү салтанаты болуп өттү. Аюб-Тоосунун боорунда бийиктиги 50 метрди түзгөн Кыргыз Республикасынын жаңы желеги көтөрүлдү. Иш-чарага катышкан президент Садыр Жапаров өз сөзүндө шаардыктарды майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле Жапаров  Жалал-Абадга болгон иш сапарынын алкагында  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен биргеликте шаардын ушул жылы башталып, бүгүнкү күнү өз мөөнөтүндө оңдолуп, бүткөрүлгөн ички  жолдорун текшерип, автоунаа менен жол жүрүп, таанышты.

Көчөлөрдү кыдырган маалда бардык пландалган жерлерге асфальт төшөлүп, түтүктөр алмаштырылып, жөө адамдар өтүүчү жолдор салынып, тротуарлар жана түнкү жарыктандыруу орнотулгандыгы белгиленди.

ШКУ, КМШ, ЕӨАК САММИТИ ӨТТҮ

Бүгүн, 26-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна, Көз карандысыз мамлекеттери шериктештигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындары өттү.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен 14 документтерге кол коюлду.

 Ал эми Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына 30 жакын маселе камтылган.

Кошумчалай кетсек, Садыр Жапаров бүгүн өкмөт башчылар Кеңешинин жыйынына катышуучу делегация башчылары менен жолугушкан. Иш-чарага Беларусь, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Монголия, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Индия, Пакистан өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары жана делегация башчылары, ошондой эле ШКУнун башкы катчысы катышты.

МАДУМАРОВ ООРУКАНАГА КОТОРУЛДУ

ЖК депутаты Адахан Мадумаров абактан ооруканага которулду. Бул тууралуу Мадумаровдун жактоочусу тастыктыды.

Анын айтымында, депутат Мадумаров УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан Республикалык кардиология борборуна которулган.

Эске салсак, саясатчы Мадумаров 2-сентябрда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны УКМКнын тергөө абагына киргизген.

Ички иштер министрлиги депутатка Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Мадумаровго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-октябрда белгилүү болгон. Соттук отурум 30-октябрга белгиленди.

ПРЕЗИДЕНТТИН ТУУГАНЫ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ

Президент Садыр Жапаровдун иниси Улан Жапаров үй камагына чыгарылды.

Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, Улан Жапаров 26-ноябрга чейин  үй камагында болот.

Эске салсак, Улан Жапаров бажыдагы коррупциялык схемага катышкан деп шектелип кармалып, 26-июлга чейин №1 тергөө абагына камакка алынган. 32 жаштагы Улан Жапаров Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу болуп саналат.

КӨЛБАЕВДИН ЖЫЛКЫЛАРЫ АУКЦИОНГО КОЮЛАТ

УКМК тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында Камчыбек Асанбектин акчасына алынган дагы 7 жылкы табылганын маалымдады.

Буга чейин Камчыбек Асанбекке таандык 8 жылкы табылганын айтып, тизмектеп берген эле.

УКМК жалпы 79 млн 790 миң сомго бааланган бул 15 жылкы келечекте сатыкка коюларын, акчасы бюджетке которуларын билдирген.

Эскерте кетсек, мыйзамдагы ууру делген Камчы Асанбек (Камчыбек Көлбаев) Бишкекте кармалып жатканда жок кылынган.

Количество просмотров: 208