• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Күндүн ыргагы: Путин Жапаровду сыйлады. “Авангард стиль” менен “Элитхаустун” жетекчилери камалды

12 Тогуздун айы 2023 18:23 Бишкек Govori.TV

ПУТИН БИШКЕККЕ КЕЛДИ

«Биз кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштык мамилелерин жогору баалайбыз» , — деп билдирди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен кеңейтилген курамдагы жолугушуусунда. Мамлекет башчысы өз сөзүндө белгилегендей, Путиндин сапары Кант авиабазасынын 20 жылдыгына жана Кыргыз-Россия Славян университетинин 30 жылдыгына туш келгендиги чоң символикалык мааниге ээ.

Белгилей кетсек, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин бүгүн, 12-октябрда Кыргызстанга расмий сапары менен келген.

Иш сапардын алкагында эки мамлекеттин башчылары «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барышты. Ал жерден Владимир Путин 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүштө курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар койду.

Ошондой эле Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго РФнын мамлекеттик сыйлыгы — Ардак орденин тапшырды.

Мындан тышкары жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланып, жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюду.

Ал эми эртең, 13-октябрда орус президенти Бишкекте өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) президенттеринин жыйынына катышат.

ЭКИ КУРУЛУШ КОМПАНИЯНЫН ЖЕТЕКЧИСИ КАМАЛДЫ

Бишкектин Октябрь райондук соту 9-октябрда “Авангард стиль” курулуш компаниясынын жетекчиси Эрнис Миңкеевди камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы 12-октябрда билдирди.

Соттун чечимине ылайык, ал 4-ноябрга чейин абакта болот. Соттун маалыматына караганда, ага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) негизинде айып тагылган. УКМК Миңкеевдин кармалышы боюнча маалымат бере элек.

Кошмчалай кетсек, Октябрь райондук соту 11-октябрда “Элитхаус” курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевдин бөгөт чарасын карап, аны 9-декабрга чейин камакка алган. Ал кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдаштырууга айыпталууда.

БИШКЕКТИН БАШКЫ АРХИТЕКТОРУ АБАКТАН ЧЫКТЫ

Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевдин бөгөт чарасы өзгөрүп үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, чечим 10-октябрда кабыл алынып, ал 4-декабрга чейин үй камагында болот.

Карыбаевдин бөгөт чарасын 6-октябрда райондук сот карап, 16-октябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын башчысы Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча шек саналып жатканы кабарланган.

САЛЫКЧЫ ПАРА АЛУУГА ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Ишкерлерден пара талап кылууга шектелген салык кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалым болгондой, Мамлекеттик салык кызматынын Ленин райондук башкармалыгынын атайын салык режими бөлүмүнүн башкы инспектору ККМ-аппаратын орнотуудагы кемчиликтерди жашыруу, туумдарды, кошумча салыктарды алып салуу үчүн ишкерлерден пара талап кылган.

Башкы инспекторго ортомчулук кылган жаран бизнесмендерди электрондук төлөм системалары аркылуу акча которууга үндөп, ар кандай текшерүүлөр менен коркутуп, мыйзамсыз акча чогултуп берип турган.

Бул тууралуу маалымат алган УКМК кечээ, 11-октябрда соттун санкциясы менен башкы инспектордун иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзгөн.

Натыйжада фактылар аныкталып, инспектор жана ортомчулук кылган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат. УКМК ишкерлерге болгон тоскоолдукка жол берилбесин, инвестициялык климатты, бизнес чөйрөсүн бузуу аракеттери аныкталса, мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

MEGAНЫН БАЙЛАНЫШЫ ҮЗГҮЛТҮККӨ  УЧУРАДЫ

Бүгүн, 12-октябрда “Мега” мамлекеттик уюлдук операторунун абоненттери уюлдук байланыш кызматтарынын жана интернеттин жетишсиздиги көйгөйү болуп жатканын айтышууда.

Маалыматка караганда, уюлдук оператордун абоненттери чалуу жана интернет көйгөйлөрү менен туш болушкан.

Бул арада MEGA компаниясы бул тууралуу маалымат берип, магистралдык каналдагы оптикалык кабелдин үзүлгөндүгүнө байланыштуу түйүндүн иштөөсүндө мүчүлүштүктөр болуп жаткандыгын билдирди.

«Компаниянын техникалык адистери көйгөйдү мүмкүн болушунча кыска убакыттын ичинде чечүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Учурда кызмат көрсөтүү калыбына келтирилип жатат жана жакынкы арада абоненттерибизге сапаттуу байланыш кызматтары көрсөтүлө баштайт», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 11-октябрда “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун акцияларынын контролдук пакети Мамлекеттик өнүктүрүү банкына 14,8 миллиард сомго сатылганы белгилүү болгон.

Количество просмотров: 250