• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: Үрөй учурган кырсыкта 4 киши ооруканага түштү. «КЖ групптун” жетекчиси кармалды

27 Тогуздун айы 2023 18:16 Бишкек Govori.TV

МИНИСТРЛЕРДИН ОРУН БАСАРЛАРЫ АЗАЯТ

Кыргызстанда министрлердин орун басарларынын саны азайды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун токтомунун негизинде, тогуз орун басардын орду жоюларын билдирди.
Ага ылайык, кыскартуулар Экономика жана коммерция министрлигинде, Финансы министрлигинде, Тышкы иштер министрлигинде, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде, Айыл чарба министрлигинде, Билим берүү жана илим министрлигинде, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде, Санариптик өнүгүү министрлигинде жана Социалдык фонддо болот.
«Мындай чечим президенттин “Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды. Буга чейин бул жарлыктын негизинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинде, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде жетекчинин орун басарларынын саны кыскартылган»,-деп жазылган маалыматта.

ИЗДЕЛИП ЖАТКАН МИЛИЦИОНЕРЛЕР КАРМАЛДЫ

«Опузалап акча талап кылууга» айыпталып издөөдө жүргөн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети кабарлады.

Ага ылайык милициянын капитаны Т.Б.Н., милициянын майору И.И.И. жана милициянын капитаны Э.С.Э. тергөө абагына киргизилди.

Буга чейин УКМК Ош шаардык милицясынын төрт ыкчам кызматкери Ош облусунун тургунун зордуктоого айыптап, кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп, 400 миң сом талап кылганын билдирген. 25-сентябрда бул акчанын алгачкы 100 миң сому берилип жаткан учурда ортомчу киши кармалган, ал аркылуу милициянын майору Ж.у.Н. кармалган жана анын калган шерик-кесиптештерине издөө жарыяланган.

«КЖ ГРУППТУН» ЖЕТЕКЧИСИ КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүү жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде «КЖ групп» курулуш компаниясын негиздегендердин бири Имамидин Ташов кармалганын билдирди. Анда ишкер Бишкек шаарында бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга байланыштуу айыпталып жатканын маалымдады.
«Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдагы токтому менен «О» ишканасына бөлүнүп берилген тилкеге 280 орундуу бала бакча салынышы керек болчу. Бирок шаардык архитектуранын жана «Кадастр» мекемесинин жооптуу жана кызмат адамдары мыйзамсыз киреше алуу үчүн «О» ишканасынын жетекчилиги менен келишип алган. Анда бала бакчанын ордуна 12 кабаттуу үйдү курууга уруксат берген документтер даярдалган. Анын натыйжасында аталган компания эки көп кабатттуу үйдү мыйзамсыз куруп, сатып жиберген. Мамлекетке келтирилген зыян 52 миллион сом деп эсептелген жана «О» компаниясы аны төлөбөй келген. Учурда ал компаниянын ээси Т.И.А. кармалып, Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо, тергөө иштери уланып жатат»,-деп жазылган маалыматта.
Кошумчалай кетсек, Ташов президенттик шайлоого катышкан жана жана 1.19% добуш алган.

АЙДООЧУ БАЛДАРДЫ СҮЗҮП КЕТТИ

Ошто 10 жана 7 жаштагы эки өспүрүмдү бир убакта эки унаа сүзүп, бактыга жараша балдар аман калды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 23-октябрда эртең менен болгон. Анда экөө ээрчишип, жолдун жөө кишилер үчүн чийилген бөлүгүнөн өтүп баратканда Mersedes Benz үлгүсүндөгү автоунаа, андан соң Daewoo Tico коюп кеткенин көрүүгө болот.

Окуя боюнча тартип сакчыларга балдардын атасы кайрылган. Кайгуул милиция айдоочуларды таап, автокөлүктөр айып короого токтотулду.

КЫРСЫКТА УНААЛАР КҮЙҮП КЕТТИ

Бишкек – Ош унаа жолунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 4 жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек – Ош унаа жолунун болжол менен 100-101-чакырымында күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт саат 15:40та толук өчүрүлгөн.

Тилекке каршы, тилсиз жоонун кесепетинен 4 адам жабыркап, “Тез жардам” кызматы аркылуу Жайыл райондук ооруканага жеткирилген. Ошондой эле Мерседес-Бенц жана Хонда-СРВ жеңил унаалары күйгөн.

Количество просмотров: 932