• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Сөз эркиндиги. Коомдун акыркы үмүтү Президентте. Шайлоо пандемияга карабай өткөрүлөбү?

26 Кулжа 2020 18:03 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Бүгүн, 26-июнга карата Кыргызстанда дагы 250 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Муну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 4204 адамга жетти.

ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТТЫН 8 КЫЗМАТКЕРИНЕН ВИРУС ЧЫКТЫ

Президенттик аппаратта иштеген сегиз кызматкердин анализинен коронавирус аныкталды. Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, 24-июнда Москвада өткөн Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышуу үчүн барган кыргыз делегациясынын курамында коронавирус жуктуруп алгандар аныкталгандыгына байланыштуу, президентик аппараттын бардык кызматкерлери илдетке карата анализ тапшырган.  Анын жыйынтыгы менен президенттик аппараттын 8 кызматкеринде — байланышта болгон адамдарда коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталган.

ДАРЫГЕРЛЕРДИН КАДРДЫК РЕЗЕРВИ ТҮЗҮЛӨТ

Медициналык кызматкерлердин кадрдык резервин түзүү пландалууда. Бул премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. «Медициналык кызматкерлер күнү-түнү үзгүлтүксүз иш алып барууда. Мындан тышкары, акыркы күндөрү ооруга чалдыккан медициналык кызматкерлердин саны өсүүдө. Бул саламаттык сактоо тутумунун ишине өз таасирин тийгизүүдө», – деди Боронов.

ЧЫРЛУУ МЫЙЗАМ. СОЦТАРМАК ЖЭЭНБЕКОВГО КАЙРЫЛДЫ

Ал эми Соцтармак президент Сооронбай Жээнбековдон «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды артка кайтарууну суранат. Алар билдирүүлөрүн социалдык тармакта жайгаштырып, сын пикирлер айтылып, ача пикирлерди жаратууда. Ал эми бир катар жарандык активисттер мыйзамды кабыл алууда мыйзам бузулганын айтып чыгышты. Алар мындай мазмундагы ачык кайрылууну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Опумбаевге жолдошту. Алардын айтымында эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун кабыл алып жатып, отурумга катышпаган депутаттардын атынан кнопканы басып жатышкан. Кошумчалай кетсек 29-июнда Бишкек шаарында “#Reakция 3. Эркиндик” аттуу акция өтөт. Бул тууралуу чакырык социалдык тармакта тарап жатат.

Количество просмотров: 483