• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Саляновдун өлүмү боюнча өкүм чыкты. Атамбаевди тыңшагандарга иш козголду

27 Жетинин айы 2020 18:53 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

27-ноябрдагы маалыматка караганда, Кыргызстанда кечээтен бери коронавирустан беш киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын төртөө Бишкек шаарынын, бирөө Нарын облусунун тургуну болчу. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1256 адамга жетти.

КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ  МААЛЫМАТ БЕРДИ

Бүгүн Конституциялык кеңешменин мүчөлү каралып жаткан маселелер тууралуу суроолорго жооп беришип,  маалымат жыйын беришти. Анда бийликти узурпациялоо тууралуу суроого жооп берген Конституциялык кеңешменин мүчөсү Чолпон Койчуманова Конституциянын жаңы долбоору кеңешмеге сунушталганга чейин эле бийликти узурпациялоо тууралуу сөздөр айтыла баштаганын айтат.

ПРЕЗИДЕНТТИН ПАРЛАМЕНТТЕГИ ӨКҮЛҮ АЛМАШТЫ

Анарбек Калматов президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы кызматынан бошотулуп, президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, парламент спикери Талант Мамытов 27-ноябрда кол койду.

АТАМБАЕВДИ АБАКТА  ТЫҢШОО БОЮНЧА ИШ КОЗГОЛДУ

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен адвокатынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө бөлмөсүндө өткөн жеке сүйлөшүүсүн тыңшоо маселеси боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын адвокаты Замир Жоошев Фейсбуктагы жеке баракчасы аркылуу билдирди.

САЛЯНОВДУН ИШИ БОЮНЧА ӨКҮМ ЧЫКТЫ

Мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот отурумунда соттун өкүмү чыкты.

МУРУНКУ АКИМ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ

Бишкектеги Биринчи май райондук соту Октябрь районунун мурунку акими Константин Куценкону үй камагына чыгарды. Бул чечим 2021-жылдын 21-январына чейин жарактуу.

Количество просмотров: 5650